00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
5 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Журналистская премия, прорыв в медицине и долгие праздники — неделя в Кыргызстане
14:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Баткен күрүчү менен ЕАЭБди багындырууну көздөгөн ишкер кыз
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
15 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?
17:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:07
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Депутат Казакбаев чекистпи? Токон Мамытовдун эл өкүлүнө кайрылган видеосу

Жазылуу
Эл өкүлү мамлекеттик сырларды билген айрым аткаминерлер жалпы режимдеги колонияларда кармалып жатканына тынчсызданды.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Акыйкатчы Токон Мамытов Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаевге парламенттин жалпы жыйыны учурунда "кесиптеш чекист" деп кайрылды.

Депутаттар 18-сентябрдагы жыйынында Акыйкатчы институтунун 2018-жылы жасаган иштеринин отчётун укту.

Казакбаев Мамытовго мурдагы чекист катары мамлекеттик сыр деген эмне экенин жакшы түшүнөрүн белгиледи.

"Сиз чекист катары жашыруун сыр, купуя сыр деген эмне экенин жакшы билесиз. Азыр мамлекеттик купуя сырды ташыган ар түрдүү саясатчылар камалып отурат. Мыйзам боюнча алар өз жазасын алат, бирок алар (мурдагы аткаминерлер – ред.) жалпы түрмөлөрдө. Өткөндө чет элдик эксперттер "силерде эч кандай шарт жок, аларды кантип кармайсыңар" деп айтты эле. Алар мамлекеттин коопсуздугуна таасир тийгизбейби?" — деди депутат.

Токон Мамытов сөзсүз таасир берерин айтты.

"Айрым купуя сырлардын жашоосу үч күн болсо, кээсиники 30 жыл же андан да ашык болот. Өзгөчө аскерий саясий сырлар бар. Ошол сырларга ээ болуп, алар менен иштеп жүргөн мурдагы жана азыркы аткаминерлердин тагдырына көңүл буруш керек", — деди ал.

Депутат бул көйгөйдү кантип чечүү керектигин сурады. Мамытов бул маселе боюнча депутат менен жеке жолугуп сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди.

"Биз сиз менен кесиптеш чекистпиз. Экс-чекист болбойт. Сиз менен өзүнчө жолугуп, бул боюнча пикир алышалы", — деди Мамытов.

Эл өкүлү Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына акыйкатчы эмне үчүн ага кесиптеш чекист деп кайрылды деген суроосуна жооп берип, "балким Тышкы иштер министрлиги менен укук коргоо органдарынын айрым аткарган иштери бирдей болгону үчүн ушундай кайрылган болушу мүмкүн. Эмнеге антип айтканын Токон Мамытовдун өзүнөн сурасаңар жакшы болмок" деп жооп берди.

Спецкомплекс для осужденных на пожизненное лишение свободы в исправительной колонии №19 в Сокулукском районе - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жеке түрмө куруп берем деген ишкерлер бар. Бирок...
Белгилей кетсек, Токон Мамытов 1981-жылдан тарта улуттук коопсуздук органдарында иштеген. Андан сырткары, коргоо министринин орун басары, Чек ара кызматынын башчысы жана вице-премьер болуп эмгектенген.

Ал эми Руслан Казакбаевдин расмий өмүр баянында атайын кызматтарда иштегени тууралуу маалымат жок. Депутаттыкка чейин дипломатиялык кызматтарды аркалап, Кыргызстандын тышкы иштер министри болуп эмгектенген.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0