Өттөгү ташты операциясыз жок кылса болобу? Дарыгер Сыргаев менен маек

Жазылуу
Майлуу, куурулган тамакты көп жебеш керектигин баары эле билет, бирок андан баш тарткандар аз. Дарыгер Дүйшөнбек Сыргаев майлуу тамакты көп жеп, аз кыймылдоо өттө ташты пайда кыларын белгилейт.

Улуттук хирургия борборунун өт жолдору жана уйку без бөлүмүнүн башчысы Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына өттө таш эмнеден пайда болорун, аны дарылоо жана алдын алуу жолдору тууралуу айтып берди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук хирургия борборунун өт жолдору жана уйку без бөлүмүнүн башчысы Дүйшөнбек Сыргаев
Өттөгү ташты операциясыз жок кылса болобу? Дарыгер Сыргаев менен маек - Sputnik Кыргызстан
Улуттук хирургия борборунун өт жолдору жана уйку без бөлүмүнүн башчысы Дүйшөнбек Сыргаев

— Акыркы учурда "өтүмдө таш бар экен" деп аны алдыргандар көп сыяктуу. Өттүн сезгениши канчалык кооптуу, оору эмнеден пайда болот?

— Өттөгү таш организмде зат алмашуу бузулганда пайда болот. Өттүн курамында холестерин, билирубин жана электролит деген үч зат бар. Үчөө биригип бир балансты кармап турат. Бирок өт ыйлаакчасы жакшы акпай, катып туруп калганда баягы үч заттын балансы бузулат. Алгач кум пайда болуп, андан кийин ташка айланат. Былжыр чел шишип, кан айлануу начарлайт. Бул нерсенин баары адамдын аз кыймылдап, туура эмес тамактануусунан келип чыгат. Анткени холестерин көбөйүп кетет.

— Мындай таштар пайда болгондо сөзсүз эле аны операция жолу менен алып салыш керекпи? Башкача дарылоо жолдору барбы?

Биопротез управляемая силой мысли разработанная хирургами из Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Ой менен башкарылчу биопротезди жасап бүттүк. Микрохирург менен маек
— Өттүн таштары негизи төрт түргө бөлүнөт. Алсак, холестерин, билирубин, оксолат жана аралаш таштар. Булардын ичинен холестерин, билирубин таштарын эритип ийсе болот. Бирок аралаш жана оксолат таштарын операция жолу менен гана алууга туура келет. Операция болгондордуку көбүнесе аралаш таштар болот. Мамбет Мамакеев агайыбыз "бейтап көрсөңөр эле колуңар кычышып союп салбай, алгач анын дартын жакшылап аныктагыла" деп көп айтат. Биз дагы кайрылган адамдарды комплекстүү медициналык кароодон өткөрөбүз. Бир эле өтүн эмес, ашказан, кызыл өңгөчүн текшерип, жоон ичегини рентгенге тартабыз. Айтор, ички органдар толук текшерилгенден кийин гана операция жасоо же жасабоо керектиги маалым болот. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДүйшөнбек Сыргаев: айрым адамдардын өтүндө таш болот, бирок ал өт жолдоруна барып такалбаса, оорутпай, билинбей эле жүрө берет. Адам качан майлуу, куурулган, күчтүү тамакты көп жегенде өт жыйрылат дагы, таштар өт жолуна барып такалып оорута баштайт.
Өттөгү ташты операциясыз жок кылса болобу? Дарыгер Сыргаев менен маек - Sputnik Кыргызстан
Дүйшөнбек Сыргаев: айрым адамдардын өтүндө таш болот, бирок ал өт жолдоруна барып такалбаса, оорутпай, билинбей эле жүрө берет. Адам качан майлуу, куурулган, күчтүү тамакты көп жегенде өт жыйрылат дагы, таштар өт жолуна барып такалып оорута баштайт.

— Өттө таш пайда болгонун кантип билсе болот? Белгилерин айтып бересизби?

— Айрым адамдардын өтүндө таш болот, бирок ал өт жолдоруна барып такалбаса, оорутпай, билинбей эле жүрө берет. Адам качан майлуу, куурулган, күчтүү тамакты көп жегенде өт жыйрылат дагы, таштар өт жолуна барып такалып оорута баштайт. Кээ бир кишилерде өттүн пристубу катуу кармайт. Мындай учурда адам бир орунга тура албай калат. Көбүнчө эки далынын ортосу, жүрөк туш оорутат. Кээ бири "жүрөгүм ооруп жатат, инфаркттын белгилери" деп кардиологго барып алат. Ашказан туш да оорутуп киши кусушу ыктымал. Приступ болгондо кээ биринин көзүнүн ичине чейин саргайып кетет. Ич ооруп, көбүшү да мүмкүн. Эгер температура берсе, анда ал өттүн ириңдеп кетишинин белгиси. Мындай учурда тезинен дарыгерге барып же тез жардам чакыртуу кажет. Айта кетчү жагдай, өттүн таш оорусунун белгилери менен уйку бездин сезгенүүсү, бөйрөктүн таш оорусу жана сокур ичегинин белгилери окшош. Ошондуктан алгач ультра үндүү изилдөөгө (УЗИ) түшүп дартты туура аныктап алуу керек. 

— Өтүн алдырып салгандан кийин тамакты таптап ичпесе, башка органдарга зыяны тийсе керек?

— Негизи адамда ашыкча орган болбойт. Ал тургай сокур ичеги да жашоосу бүткөнгө чейин организмге абдан керек. Өттүн болсо тамак сиңирүүдө функциясы өтө чоң. Мындан улам аны алдырган киши ден соолугун мурдагыдан да жакшы карашы керек. Операция жасагандан соң кандай тамак жеп, эмне дары ичерин бейтапка биз толугу менен жазып түшүндүрүп беребиз. Эки айга чукул дары-дармек ичет, сөзсүз диета кармашы керек. Эгер бейтап дарыгердин айтканын аткарып дарысын толугу менен ичип, тамагын таптап жесе, башка дарты жок болсо, анда экинчи ирет хирургияга келбейт. Эгер аларды аткарбаса, анда сөзсүз түрдө башка органдарга зыяны тийип, кошумча илдеттерди илештирип алат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДүйшөнбек Сыргаев: негизи адамда ашыкча орган болбойт. Ал тургай сокур ичеги да жашоосу бүткөнгө чейин организмге абдан керек. Өттүн болсо тамак сиңирүүдө функциясы өтө чоң.
Өттөгү ташты операциясыз жок кылса болобу? Дарыгер Сыргаев менен маек - Sputnik Кыргызстан
Дүйшөнбек Сыргаев: негизи адамда ашыкча орган болбойт. Ал тургай сокур ичеги да жашоосу бүткөнгө чейин организмге абдан керек. Өттүн болсо тамак сиңирүүдө функциясы өтө чоң.

— Бир ирет менин да өтүм сайгылашып чыдатпай оорутуп, анан жанып кеткен. УЗИге түшсөм "таш жок экен, бирок өтүң кыйшайып калыптыр" деген эле. Өт эмнеден улам кыйшайып калышы мүмкүн?

— Бардык орган бири-бири менен тыгыз байланышта. Алар жалгыз эле сезгенип калышы мүмкүн эмес. Балким буга чейин он эки эли ичеги же бооруңуз ооруган. Ошондон улам да болушу ыктымал. Өттүн пристубу таш барда да, жокто да кармашы мүмкүн. Жогоруда айткандай, сокур ичеги болгондо, уйку без сезгенгенде же бөйрөктө таш болсо да өттөн приступ бергендей белги болот. Кыйшайган өтүңүздү анан толук дарылаттыңызбы?

— Дарыгер жазып берген дары-дармекти ичкем.

— Өт кыйшайып калганда аны убагында туура дарыласа, кайра калыбына келет. Негизи эле адам жылына жок дегенде эки жолу толук медициналык кароодон өтүп турушу керек. Мисалы, өнүккөн өлкөлөрдө, ошол эле Японияда адамдар узак жашайт. Анткени алар убагында дарыгерге кайрылышат. Рак илдеттеринин деле алдын алып айыгып кетишет. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДүйшөнбек Сыргаев: өт кыйшайып калганда аны убагында туура дарыласа, кайра калыбына келет. Негизи эле адам жылына жок дегенде эки жолу толук медициналык кароодон өтүп турушу керек.
Өттөгү ташты операциясыз жок кылса болобу? Дарыгер Сыргаев менен маек - Sputnik Кыргызстан
Дүйшөнбек Сыргаев: өт кыйшайып калганда аны убагында туура дарыласа, кайра калыбына келет. Негизи эле адам жылына жок дегенде эки жолу толук медициналык кароодон өтүп турушу керек.

— Өттө таш пайда болбош үчүн эмне кылыш керек? Алдын алуу жолдоруна токтоло кетсеңиз.

Профессор, медицина илимдеринин доктору, клиниканын директору Гүлнара Асымбекова - Sputnik Кыргызстан
Балалуу болууга шартың жок болсо, уругуңду тоңдуруп кой. Дарыгер менен маек
— Бардык эле оорунун алдын алчу нерсе — бул спорт. Байкасаңыздар, спортчулар сасык тумоо да болбойт, буту-колун сындырып же кокустатып эле албаса, ооруканага жатпайт. Адам көбүрөөк кыймылдашы керек. Илдеттин көбү кыймыл жок жерде болот. Ашыкча көп тамак жегенден кийин кээ бири диванга барып телевизор көрүп жатып алат. Мындай учурда организмде холестерин, липиттер көбөйөт. Эгер адам көп кыймылдап, чуркаса, анын баары тер менен чыгып кетет. Негизи өттүн таш оорусуна аялдар көп кабылат. Мурда статистика боюнча 1000 кишиге бир эркек, төрт аял болсо, азыр үч аял, эки эркек болуп өзгөрдү.

Бул илдетке кабылгандардын 70 пайызы — семиз адамдар. Анткени аларда кыймыл аз. Алдыга келген тамактын баарын жей бербей, ылгаш керек. Мисалы, малдын майын тамакка азыраак колдонуп, андан көрө өсүмдүк майын кошкон оң. Майлуу, күчтүү тамактарды такыр жебегиле деп айтпайм, бирок чеги менен. Мындан сырткары, спирт ичимдиктерин да көп ичкен болбойт. Аларда калория көп, уу. Ичкилик организмдеги зат алмашууну аябай бузат, боордун клеткаларын өлтүрөт.

"Кечки тамактан кийин миң кадам жаса" деген жакшы сөз бар. Ошондуктан кечки тамактан кийин сөзсүз кыймылдап, чуркап же басыш керек. Анан өзүбүздө эле өстүрүлүп, жасалган продукцияларды алгыла деп сунуштайт элем.

Жаңылыктар түрмөгү
0