Солтон-Сарыдагы чыр: нааразы болгон эл жол тосууга камынып жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековПовседневная жизнь в Нарынской области
Повседневная жизнь в Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеринде тартипке милиция кызматкерлери коопсуздукка көз салууда.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Нарын облусундагы Солтон-Сары аймагында алтын казып жаткан компаниянын ишмердигине нааразы болгон эл бүгүн, 7-августта, Кара-Чий айылынан Бишкек — Нарын — Торугарт жолун тосууга камынууда. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Добыча золота на руднике Ирокинда в Бурятии - Sputnik Кыргызстан
Солтон-Сарыдан кен казууга ким качан уруксат берген? Тизме
Белгилей кетсек, 5-август күнү Zhong Ji Mining компаниясынын кызматкерлери менен жергиликтүү тургундардын ортосунда жаңжал чыгып, тараптар бири-бирин ташка алган. Натыйжада чатактан жабыркагандардын саны 40ка чамалап барган. 6-августта чыр чыккан аймакка биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев жана башка аткаминерлер барышкан.

Жолугушууда эл бийликке талап койгон, премьер менен спикер келип, чыр-чатакка жеринен чекит коюшсун деген да шарт бар.

Учурда боз үй тигилип жаткан аймакта элдин коопсуздугун милиция кызматкерлери карап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0