Министрлик Солтон-Сарыдагы окуядан канча киши жабыркаганын айтты

© Sputnik / Кирилл Шипицин / Медиабанкка өтүүМассовое отравление суррогатным алкоголем в Иркутске
Массовое отравление суррогатным алкоголем в Иркутске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
5-августта Солтон-Сарыда жергиликтүү эл кайтадан чогулуп, алтын казып жаткан Кытай компаниясынын ишин токтотууну талап кылышкан. Аягында пикир келишпестиктен улам тараптар бири-бирин ташка алган.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Саат 13:00гө алынган маалымат боюнча Нарындын Солтон-Сары аймагында болгон окуядан жабыркагандардын саны 40 кишиге жетти. 21 киши Нарын облустук ооруканасына кайрылып, жыйырмасы ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

"Алар - Кытайдын Zhong Ji Mining компаниясынын 19 кызматкери менен жергиликтүү бир тургун. Кытай компаниясынын дагы бир өкүлү амбулатордук дарыланууга чыгарылды. Кайрылгандардын мээси чайкалганы аныкталган. Жабыркаган бардык жарандын абалы туруктуу", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, жаракат алды деген кытайдын 19 жараны Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна кайрылышкан. Учурда алар медициналык кароодон өтүп жатат.

Здание ГКНБ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
УКМК Солтон-Сарыдагы окуя боюнча чагымчыл видео тараткандарга чара көрөт
Азыркы маалда Солтон-Сары жайлоосунда үч медициналык Тез жардам унаасы нөөмөттө турат. Аларга кан басымы жогорулап кеткен жергиликтүү 29 тургун кайрылган. Жаракат алып кайрылгандар болгон эмес.

5-августта Солтон-Сарыда жергиликтүү эл кайтадан чогулуп, алтын казып жаткан кытай компаниясынын ишин токтотууну талап кылышкан. Аягында пикир келишпестиктен улам тараптар бири-бирин ташка алган. Жаракат алган айрым жарандар аймактык ооруканага жеткирилген. Абалды жеринен көзөмөлдөө жана элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн 6-августта эртең менен биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов менен ички иштер министри Кашкар Жунушалиев чыгып кеткен. Андан сырткары, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев атайын кеңешме өткөрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0