Штурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан

Атамбаевдин үйүндөгү атышуу. Учурда эмне болуп жатат. Сүрөт, видео

Жазылуу
Атайын даярдыктагы аскерлер барганы тууралуу маалымат социалдык тармактан тарады.
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
05:08 08.08.2019

7-августта кечки саат 20.00дөр чамасында УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн басып киришкен. Бирок мурдагы президентти кармай алышкан жок. Анын тарапташтары да катуу каршылык көрсөтүп, күч түзүмдөрү менен кагылышкан учурлар катталды. Андан соң Атамбаев бийликке кайрылуу жасап, баскынчылык кадамдарды токтотууга чакырды.
Акыркы маалымат боюнча атайын операция учурунда ок атылып, 45 киши түрдүү жаракаттарды алган. Спецназдын бир жоокери ооруканада каза болду. Ал эми Чүй облустук милициянын жетекчиси Самат Курманкулов башынан жаракат алып, жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Саламаттык сактоо министрлигинин берген маалыматы боюнча башынан жабыркагандар — 22, желим ок жегендер — 13, аскерий ок тийгендер — 4, денесинин ар жеринен жаракат алгандар — 2, денеси сыйрылгандар — 4.
УКМК аскерлер желим ок гана колдонгонун, Атамбаевдин үйүнөн аскерий октор атылганын билдирүүдө.
Кырдаалга байланыштуу бүгүн, 8-августта, президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук Кеңешинин жыйынын өткөрөт. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз сессияга чогуулары маалым болду.

02:16 08.08.2019

Атышуудан жабыркагандардын саны 43кө жетти.

01:45 08.08.2019
01:13 08.08.2019

Президент Сооронбай Жээнбеков 8-августта Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков 7-августта өзүнүн кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн токтотуп, Бишкек шаарына келген.

00:59 08.08.2019

Саламаттык сактоо министрлигинин саат 00.55ке карата берген маалыматы боюнча атышуудан 36 киши жабыркаган. Анын 15и — күч структураларынын өкүлдөрү. 

00:52 08.08.2019

Борбордогу ооруканадан Кой-Таштагы кырдаалдан жаракат алган атайын даярдыктагы бөлүктүн аскери каза тапты. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине шаардык травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборунунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, аскер жүрөгүнө ок жеген.

00:42 08.08.2019
00:07 08.08.2019

Учурда Sputnik агенттигинин кабарчысы Бишкек травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жүрөт. Анын айтымында, ооруканага ар кандай жаракат алган адамдарды алып келишүүдө.

Штурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
23:36 07.08.2019

Ушу тапта Кой-Таштагылар менен байланышууга мүмкүн болбой жатат.

23:31 07.08.2019

Ал арада ооруканаларда жаткан жабырлануучулардын саны 15ке жетти.

23:31 07.08.2019

Министрлик бир адам каза болду деген маалыматты четке какты.

23:17 07.08.2019
Штурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
23:11 07.08.2019

Аймакка жарык берилип, байланыш жок болуп жатканы айтылды.

23:11 07.08.2019

Россия президенти Владимир Путин Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иши тууралуу маалымат алды. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Президент Кыргызстанда мурдагы президент Алмазбек Атамбаведин айланасында болуп жаткан окуя тууралуу кабардар болду", — дешти өлкө башчынын маалымат кызматынан.

Путин соңку кабарларды калтырбай, окуяга көз салып жатканы айтылат.

22:58 07.08.2019

Ал арада Фарид Ниязов түзүлгөн кырдаал бийликтин провокациясы экенин айтты.

22:58 07.08.2019

Саламаттык сактоо министрлиги саат 22.50гө карата берген маалыматында 1 аскер жаракат алганын билдирди. "Үйдүн ичинен атышып, спецназ төшүнө ок жеген. Ок бронежилетти тешип өткөн" деп айтылат маалыматта.

22:47 07.08.2019

Ал арада УКМК спецназдын жоокерлери багынып берди деген маалыматты четке какты.

22:46 07.08.2019

Үйдүн ичине кирип баран Атамбаевдин тарапташтары спецназдын жоокерлерин ур-токмокко алганы айтылды.

Штурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш  - Sputnik Кыргызстан
22:39 07.08.2019

Ушу тапта спецназдын жоокерлери сабалып жатканы айтылды. Эл "Атамбаев!" деп кыйкырып жатат.

22:36 07.08.2019

Жарадар болгондордун саны 10го жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Чүй облустук ооруканасында үч жабырлануучу жатат. Экөө көкүрөк тушуна желим ок тийсе, бирөөнүн баш мээси чайкалган. Улуттук госпиталда желим октон колу менен көзү жабыркап бир киши жатат. Ал эми Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда алты киши дарыланууда. Бир адам операцияга киргизилди. Калгандарынын абалы орто туруктуу деп бааланууда.

22:23 07.08.2019

Ушу тапта Атамбаевдин тарапташтары үйдүн терезелерин талкалап ичине киришти. Алар бронежилет менен калкаланып киргени айтылууда. Үйдө жарык өчүрүлдү.

22:16 07.08.2019

Эмгек өргүүсүндө жүргөн президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекке келе жатканы айтылды.

Государственный визит президента РФ В. Путина в Киргизию - Sputnik Кыргызстан
Эмгек өргүүсүндөгү Сооронбай Жээнбеков Бишкекке келе жатат
22:15 07.08.2019

Саат 22.08ге карата УКМК Атамбаевди кармоо операциясы уланып жатканын билдирди.

22:10 07.08.2019

Саламаттык сактоо министрлиги октон дагы беш киши жабыркаганын айтты. Жарадарларды Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып кетишти.

22:05 07.08.2019

Атамбаевдин үйүнүн айланасы өрттөнүп жатканы айтылды. Камыш менен чөп күйүп жатат.

21:55 07.08.2019

Кой-Ташка сегиз тез жардам бригадасы чыгып кеткенин Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

21:49 07.08.2019
21:44 07.08.2019

Атышуу болуп жатат.

21:42 07.08.2019

Коомчулукта Алмазбек Атамбаевге таандык деп айтылып келген "Апрель" телеканалы көрсөтүлбөй калганы айтылды. Бул маалыматты канал Facebook баракчасы аркылуу тастыктап, "телеканалды болгон жерде өчүрүштү, Кой-Таштагы түз берүүлөрдү социалдык тармактагы баракчабыздан гана көрө аласыздар" деп жазышкан.

21:40 07.08.2019
Штурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
21:37 07.08.2019

Келген элдин саны барган сайын көбөйүүдө. Азыр Кой-Ташка Равшан Жээнбеков келди. Бирок жол тосулгандыктан кире албай турат.

21:36 07.08.2019
21:32 07.08.2019

Жергиликтүү эл дубалды талкалап, короонун ичине кирүүгө аракет кылып жатышат. 

21:31 07.08.2019

Жарадар болгон адамды алып кетип бара жатышат.

21:29 07.08.2019

Жабырлануучуларды Чүй облустук ооруканасы, Улуттук госпиталь, Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору кабыл алууга даяр.

21:28 07.08.2019

Чүй облустук Тез жардам кызматына саат 20:20да билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге Чүй облустук Тез жардам бригадасынан беш машина жана Бишкек шаарынан кошумча үч бригада кеткен.

21:22 07.08.2019

Атамбаевдин үйүнүн боюндагы трассада дөңгөлөктөр күйүп жатат

Штурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
21:18 07.08.2019

Атамбаевдин үйүнүн жанында ок атышуу уланып жатат.

21:07 07.08.2019

Дагы деле октун үнү угулуп жатат. Атамбаевдин 100гө чукул тарапташтары короонун сыртында колуна таш кармап каршылык көрсөтүүдө.

21:06 07.08.2019
21:02 07.08.2019

Видеодон жол боюндагы чоң эки бакты кыйып түшүрүп жаткандарды көрүүгө болот. Кулаган бак аз жерден бир кишини басып кала жаздады.

20:59 07.08.2019

Ушу тапта үйгө тез жардам кызматынын унаасы келди.

20:58 07.08.2019

Ушу тапта ок дале атылып жатат.

20:42 07.08.2019
20:40 07.08.2019

Атамбаевдин кол тийбестиги алынгандан кийин ал жашаган Кой-Таш айылындагы үйүндө тарапташтары тарабынан "Элдик штаб" уюштурулган. Ал жерде тарапташтарынын, саясаттагы үзөңгүлөштөрүнүн, партиялаштарынын жана элдин аягы үзүлбөй келген.

20:39 07.08.2019

Ушу тапта Кой-Ташка кирген жол эки тарабынан жабылганы айтылды. Ал арада 24.kg сайтынын журналисти Аида Жумашева да бутуна ок жеди.

20:36 07.08.2019

Ушу тапта короонун сыртында келген элге карай ок атылып жатканы айтылды.

20:34 07.08.2019

КСДП төрагасынын орун басары, ЖК депутаты Асел Кодуранова менен байланышканыбызда, ал Кой-Ташка жөнөгөнүн, азырынча эч кандай маалыматы жок экенин айтып берди.

20:29 07.08.2019

Атамбаевдин үйүнүн үстүнөн вертолет учуп өттү. Ал кандай тик учак экени азырынча белгисиз.

20:29 07.08.2019

Жарадар болгон адамдар жерде жатат, атайын кызматтын аскерлери өзүлөрү медициналык жардам көрсөтүүдө. Жарадар болгондорго караганда адамдарды желим ок менен атышкан. Бул тууралуу түз эфирде да сүйлөп жатышат.

20:28 07.08.2019

Эске салсак, Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыраткан. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттеги депутаттык комиссия койгон алты күнөөнүн бешөө негиздүү экенин ырастап, бул боюнча өзүнүн корутундусун дагы билдирген.
Буга чейин Батукаевдин өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кетиши боюнча козголгон иштин алкагында Алмазбек Атамбаев күбө катары үч жолу суракка чакырылган, бирок экс-президент "бийлик алгач укуктук талаага келсин" деп барбай койгон. Кийинчерээк ал адвокаты аркылуу кат түрүндө жооп берүүгө даяр экенин билдирген.

20:25 07.08.2019

Октун үнү да угулуп жатат, атайын кызматтын кызматкерлерине жакындаган адамдарга курал кезеп жатышат.

20:25 07.08.2019

Түз эфирде сүйлөгөндөр тез жардам кызматын үйгө киргизбей жатканына нааразы болуп жатышат.

20:22 07.08.2019

Социалдык тармактан түз алып берип жаткан Кундуз Ажибекованын видеосунан аскерлер короонун ичинде жүргөнү көрүнүп турат. Ок атылып жатат. автордун атымында, ондой киши жарадар болду. Арасында экс-депутат Мээрбек Мискенбаев дагы бар.

20:20 07.08.2019
20:17 07.08.2019

Атышуу тууралуу маалымат Аламдүн РИИБине түшкөн. Милиция кызматкерлери азыр Кой-Ташка жөнөп кеткени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0