Атамбаевдин үйүндөгү атышуудан ондон ашуун киши жарадар болду

Жазылуу
Ондон ашуун адамдын жаракат алганы боюнча Тез жардамга чакыруу түшкөн.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө болгон атышуудан ондон ашуун адам жаракат алды. Бул туурасында Кой-Таштан түз алып берип жаткан Мирбек Айтикеев Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

Маалыматка караганда, 24. kg сайтынын журналисти Аида Жумашеванын бутуна ок тийген. Андан тышкары, экс-депутат Мээрбек Мискенбаев да жаракат алган.

Бүгүн, 7-августта, Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө спецназ барып, ок атышуу болуп жатат. Азыркы тапта жаракат алгандар дагы бар. Алардын арасынан экс-депутат Мээрбек Мискенбаевди да көрүүгө болот. Тез жардам кызматы 10дон ашуун адам жабыркаганын билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0