Пикирим үчүн айрымдар таарынар, ал тургай түшүнбөй жемелээр. Ак мээнети үчүн алкыш алууга татыктуулар жана татыктуумун деп ойлогондор арабызда аз эмес. Бирок терең ойлонуп көрсөк, наам ыйгаруу жөрөлгөсүнүн коом, эл ынтымагы, ыйман, кишинин өсүшү үчүн пайдасынан зыяны көбүрөөктөй.
Ыдыраган ыклас жана ичтен жеген курт
Экинчиден, сыйлык жана наам күтүү канчалаган адамдардын ден соолугуна, бактысына балта чабууда. Жакшы ишти жасарын жасап алып, "Атаңдын көрү, ушуну билишпеди, баалашпады" деп ар кимге таарынып жүргөндөн маанайың жаркып, саламаттыгың чыңалып кетпейт. Таарыныч деген – ичтен иритип, акырын кемирген курт сыяктуу. Өзгөнү тажатып, өзүңдү муңкантып, аброюңду астанадай аттап, постектей тебелей турган зыяндуу сезим.
Жыл сайын сыйлыкка талапкер болуп, жыйынтыгын күтүү да оңой иш эмес. Ой-пикириң, үмүтүң бир белгисиздикке багытталып, туман арасынан туу көтөргөн ийгилик оро-пара чыгуусун күтүп жашагандан асырасын Жараткан. Өмүр – бул жокту күтүп кезерүү же өткөндү өкчөп өксүү үчүн эмес, барды барктап, көмүскө көрөңгөнү ачып, жакшылыкка пайдаланууга берилген эң кымбат мезгил мерчеми...
СССР дале жашап жатат...
Үчүнчүдөн, сыйлык менен наам ыйгаруу - пакиза периштелер аткарчу милдет эмес. Бир пендезатынын элегинен өтүп, өкүмүнө байланган иш.
…Ким адабиятта алп эмгек кылганын бир жылда бир адабий китеп окур-окубасы шектүүлөр чечип жатканын көргөндө кантип чечекейиң чеч болот? Аалы менен Жоомарттын фамилиясын так айта албагандар акындарга баа берип, Океев менен Шамшиевдин фильмдерин айра тааныбагандар актерлор менен режиссерлордун тагдырларын калчап жатканда кантип күйбөгөн жериң күл болбойт?..
Төртүнчүдөн, наам жана сыйлык берип, далыңдан таптап "сен укмушсуң" деп эшектей иштетүү — бул совет доорундагы идеологиялык машинанын куу ыкмасы эле. Айтылуу Рыспай ырчы атак-даңктын чокусунда турган учурда Улуттук филармонияда жумалап концерт берип, ар бир кечте залга адам батпай, билеттер Кызыл китепке кирген кыргоолдой таңкыс болуп, бирок концерт аяктаган соң аккордеонун мойнуна асып алып, 20-30 сомдун тегерегиндеги гонорарын чөнтөгүнө салып жөө-жалаңдап үйүнө кеткени тууралуу айыңдар айтылып жүрөт. Мамлекет ошентип адамды качырдай иштетип, кирешесин шыпырып алып, а эмгек ээсине бешбармакка малынган соң манжага жуккан майды жалаткансып бир аз көз акысын ыйгарып туруп "ушул жетет, күтө турсаң сыйлык берип, сыймыкка бөлөйбүз" деген таризде куру сөз, кургак үмүткө семиртип, өз кызыкчылыгына пайдаланган экен. СССР ураган менен сыйлык тууралуу түшүнүк аң-сезимдерде дале жашап келет. Ооба, шоу-бизнес күркүрөгөн базар экономикасы шартында өмүр кечирип жатабыз, бирок өмүрдү эмес, өмүр баянды узартып, өлгөндө некрологго жазылгандан башкага жарабаган сыйлык жана наам үчүн башыбызды ташка уруп, кадырыбызды көрүнгөндүн астына көрпөдөй жайып жалдыраган аң-сезим каныбызда кала берди, аттиң.
Чөлдөн көл издебе
Алтынчыдан, ушул бойдон кетсек, бир аздан соң таш ыргытсаң "эл акыны" менен "эл жазуучусунун" башына тийчү заман келчүдөй. Адегенде эки Касымалы (Жантөшов менен Баялинов), Түгөлбай менен Чыңгыз сыяктуу залкарларга буюруп, андан соң Касымбековго чейин эч кимге берилбеген "эл жазуучу" наамы кыйраткан бир да роман чыкпай калган азыркы заманда берешен бай таркаткан садагадай катарма-катар ыйгарылып жатат го, чиркин. Залкар аталарыбыз го чыныгы элдик болчу. Алар жазган "Каныбекти", "Ажарды", "Тоо арасынданы", "Делбиримди" окубаган адам болбогон ошол убакта. Төлөгөн атабыз "Сынган кылыч" баш болгон дүйнөнү дүңгүрөткөн үч романды жазган соң гана ушул зыяпатка арзыптыр. Азыркы биздерге алар менен эрегишүүнү ким коюптур. Ушунча талапты бийик коюп ыйгарыла баштаган наамды ылайыктуу адам чыкканча тапшырбай эле турсак кантет? Берилбей жатса эскирип кеткидей, наам деген эт менен сүт же кийим эмес го акыры.
Өтүш эмес өсүш маанилүү
Кеп өзүң менен кошо көмүлчү наам менен макамда эмес, кылымдардын элегинен, замандардын сыноосунан өтүп тарых деген эң калыс соттун жакшы өкүмү буюруп, барактарынан бараандуу орун табууда экенин түшүнүү насип болгой ар бир талант ээсине. Ак ниет, аруу ыклас жана адал аракет – улуу ийгиликтердин башаты...