Сыйга мыкты өлкөлөрдүн рейтинги аныкталды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүСтраны мира. Таиланд
Страны мира. Таиланд - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сурамжылоого 21 500 адам катышты.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Booking.com сайты дүйнөдөгү эң меймандос өлкөлөрдүн рейтингин аныктаганын РИА Новости жазды. 

Алдыңкы бештикке Таиланд (85 пайыз), Индонезия (83 пайыз), Мексика (77 пайыз), Тайвань (77 пайыз) жана Индия (75 пайыз) кирди.

Сурамжылоого 21 500 адам катышып, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү меймандостукту өз өлкөсүнө салыштырып баа берген.

Таиланд

Таиландда сурамжылоого алынгандардын 85 пайызы өз өлкөсүн эң сыйчыл деп эсептейт. Бул өлкө көз жоосун алган пляждар жана миңдеген Будда храмдары менен таанымал.

Индонезия

Индонезияда айтылуу Бали аралы бар. Бул жакка туристтер булактай таза суу үчүн келишет. Суралгандардын 83 пайызы Индонезия чет элдиктерди тосуу боюнча алдына эч кимди салбайт деп эсептейт.

Мексика

Үчүнчү орунда Мексика. Борбор калаасы Мехикодо асем буюмдар сатылган дүкөн, өзгөчө тамактары бар ресторан, айтылуу музейлер сыяктуу туристтерди кызыктырган объектилер көп.

Тайвань

Туристтерди бул аралдагы баш айланткан түнкү жашоо, "Император хан сарайы" музейи жана "Шилин" түнкү базары кызыктырат. Ал эми жергиликтүү элдин 77 пайызы өздөрүн абдан сыйчылбыз деп эсептейт.

Индия

Индияда дагы көрө турган нерселер көп. Мисалы, айтылуу "Тадж-Махал" мавзолейи, "Амбер-форт" жана "Хава-Махал" сепилдери. Мындан тышкары, индиялыктардын 75 пайызы конокко өзгөчө жакшы мамиле кылабыз деген ойдо.

Жаңылыктар түрмөгү
0