Ташиев, Назаралиев менен мушташып. Туйгунаалы Абдраимов тууралуу 8 факты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов. Архив
Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Орок айылындагы мушташ боюнча комментарий алам деген журналистти "жүзүң жаккан жок" деп келекелеп, суроосун четке каккан өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун жоругу кызуу талкууга алынууда.

Эске сала кетсек, кечээ, 5-июнда, эртең менен Сокулук районунун Орок айылында мушташ чыккан. Туйгунаалы Абдраимов жерине барып, кырдаал боюнча комментарий берген. Кабарчылар кошумча суроо узатканда ал КТРК телеканалына гана жооп бере турганын билдирген. Мунун себебин сураган журналистке: "Сиздин кебетеңиз жакпай жатат, өтө жагымсыз экен",- деп каткырып басып кеткен.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Чүй облусунун жетекчиси Туйгунаалы Абдраимов тууралуу фактыларды чогултту.

Хирургдан саламаттык сактоо министрине чейин

Коомдук ишмер Эдил Байсалов - Sputnik Кыргызстан
Жашыруун маалыматты ачыктап салган. Эдил Байсалов тууралуу 6 факт
Туйгунаалы Абдраимов 1958-жылы 7-октябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Нурманбет айылында туулган. Соңку маалыматтарда үч уулу, бир кызы бар экени айтылат. Аткаминер көп жыл ооруканада эмгектенген. 1982-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун дарыгер-хирург адистиги боюнча аяктаган. Кийин медицина илимдеринин кандидаты даражасын алган. Мындан тышкары, юрист адистигине ээ болгон.

Алгач шаардык Клиникалык тез жардам кызматында, Ысык-Ата райондук борбордук ооруканасында эмгектенет. Андан кийин Ысык-Атадагы райондук оорукананын хирургия бөлүмүнүн башчысы жана башкы дарыгери болот. 1996-1998-жылдары саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары, 2007-жылы министр болгон. Жогорку Кеңештин депутаты болууга да жетишкен.

Каймана аты - Туй

Туйгуналы Абдраимовду жакындары жана туугандары "Туй" деп аташат. Ага "Туй байке", "Туй ата" деп дагы кайрылгандар бар экени белгилүү болду.

БШКны эки ирет башкарган

Аткаминер 2002-2005 жана 2011-2016-жылдары Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы болгон.

Депутат Урмат Самаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Чек арадагы атышуу боюнча ЖК депутаты Урмат Самаев сурак берип чыкты
2015-жылы Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков БШКда миллиондогон сом негизсиз жумшалып жатканын айтып чыккан. Бул туурасында ЖКМлар жазган. Анын айтымында, БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов көп учурда бизнес-класс менен учарын, кызматына тиешеси жок айрым сапарларда болгонун, ошондой эле шайлоо комиссиясында иштебеген эле адамдардын чыгымдары төлөнүп берилгенин, кызматтык унааларды башка адамдар минип жатканын билдирген. Ишенбай Кадырбековдун эсебине ылайык, Туйгунаалы Абраимов ай сайын 200-250 миң сом, ал эми жылына 2,5-3 миллион сомдой акча короткон. БШКнын маалымат катчысы Кыял Бектурова Кадырбековдун дооматтарынын негизсиз экенин белгилеген.

Уулунун чыр-чатакка аралашканы айтылган

2013-жылы жергиликтүү басылмалар Туйгунаалы Абдраимовдун уулу кылмыш ишине аралашкандыгы тууралуу жазышкан. Жабырлануучу Жанарбек Төлбашиевдин айтымында, ал достору менен Ысык-Ата районундагы Туюк деген жерде балык уулап, эс алып жүрүшкөн. Ал ортодо Абдраимовдун уулу аларды аймактан чыгып кетишин талап кылып, жер аларга таандык экенин айткан. Мындан улам экөө айтыша кетип, Абдраимовдун уулу жабырлануучуну фонарик менен бир нече ирет башка урган. Токмок жеген балага достору болушуп, аткаминердин уулун сабап коюшкан. Ал эми Чүй милициясы басылмаларга жаңжал Абдраимовдун баласынын итин жабырлануучу тарап тартып алгандан кийин болгонун билдирген. Окуянын версиясы талаш пикирлерди жараткан.

"Чемпион" депутат - күйөө баласыбы?

Депутат ЖК 6 созыва Искендер Матраимов - Sputnik Кыргызстан
Чуусу көп Матраимовдор. Бир туугандардын таржымакалы жана мал-мүлкү
Айрым маалыматтарда ЖКнын депутаты Урмат Самаев Туйгунаалы Абраимовдун күйөө баласы экени жазылган. Редакция Самаев тууралуу материал даярдап жатып, аталган маалыматтын чын-бышыгын билүү үчүн Абдраимовдин өзүнө байланышкан. Ал бул нерсени четке кагып, эч кандай тууганчылыгы жоктугун белгилеген. Урмат Самаев жаш кезинде спортто Чемпион каймана атын алып жүргөн.

Жумушчуларын айлыксыз калтырганбы?

2018-жылдын аягында жергиликтүү ЖМКлар Абдраимов Ысык-Атага көп кабаттуу мейманкана салдырып, жумушчуларына 134 миң сомдук эмгек акысын төлөбөй койгондугу тууралуу жазган. Бирок бул тууралуу өзү комментарий берген эмес.

Чоң муштум аткаминер

2015-жылкы парламенттик шайлоодо "Өнүгүү — Прогресс" партиясынан талапкер Абдыманап Абдывахапов менен "Республика — Ата-Журт" саясий партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиевдин ортосунда пикир келишпестиктер чыгып, кийин бул боюнча Кылмыш жаза кодексинин 234-беренесине («Бейбаштык») ылайык кылмыш ишин козгогон. Мындан улам БШКга төрагалык кылган Туйгунаалы Абдраимов Ташиевдин талапкерлигин алып салган.

Мындан 2-3 ай өткөн соң жергиликтүү ЖМКлар Абдраимов менен Ташиев кайсы бир тойдо кезигип, мушташа кеткендиги тууралуу жазып чыгышкан.

Негизи эле Абдраимовдун чоң муштумдугу тууралуу көп айтылып келет. Мисалы, буга чейин белгилүү нарколог Жеңишбек Назаралиевге, депутат Асел Кодуранованын жолдошу, экстрасенс Мелис Карыбековго, журналист Асланбек Сартбаевге кол көтөргөндүгү тууралуу жазылып жүрөт.

Журналисттин сырткы келбетине асылып...

Министр сельского хозяйства Нурбек Мурашев - Sputnik Кыргызстан
Министрликтен кеткен Мурашев картошкадан башка эмнеси менен эсте калды
Абдраимов азыркы кызматына 2018-жылдын 25-майында дайындалган. 2019-жылдын 5-июнунда эртең менен Сокулук районунун Орок айылында жаңжал чыккан. Анын кесепетинен 15 үйдүн терезеси талкаланып, жыйылып турган чөп өрттөлгөн. Бул боюнча 32 киши кармалып, 31и кое берилген. Кылмыш жаза кодексинин 266-беренеси боюнча («Бейбаштык») сотко чейинки териштирүүлөр башталды.

Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов ушул окуяга байланыштуу Орок айылына барып, журналисттерге жаңжал боюнча кыскача айтып берген. Кабарчылар дагы суроо узатканда, ал КТРК телеканалына гана комментарий бере турганын билдирген. Мунун себебин сураган журналистке: "Сиздин кебетеңиз жакпай жатат, өтө жагымсыз экен",- деп каткырып басып кеткен. Эмнеге анын кебетеси жакпай жатканын тактап сурашканда: "Андай болгонуна мен күнөөлүү эмесмин да",- деп андан ары жолун улаган.

Ошондой эле андан журналисттер конфликт тууралуу качан билгенин, айылга канча убакыттан кийин келгенин сураганда жооп бербей, "бул өзүмдүн маселем" деп койгон. 

Бүгүн, 6-июнда, журналисттердин жоон тобу өкмөттүн өкүлүнөн эмне үчүн ушундай кадамга барганы боюнча түшүндүрмө алууга аракет жасашкан. Анда Абдраимов кемсинткен журналисттен кечирим сурабай турганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0