Абдраимов Туйгунаалы Дүйшөналиевич — өмүр баян

© Sputnik / Табылды КадырбековЦИК: в голосовании участие приняли 1 млн 557 тысяч избирателей
ЦИК: в голосовании участие приняли 1 млн 557 тысяч избирателей  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туйгунаалы Абдраимов Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Нурманбет айылында 1958-жылы 7-октябрда туулган. Жогорку билимдүү.

Билими:

1982 — Кыргыз мамлекеттик медицина институту, врач-хирург адистиги;

1992 — Москвадагы медицина академиясы, "Саламаттыкты сактоону реформалоо жана медициналык камсыздандыруу" курсу;

1997 — "Саламаттыкты сактоону реформалоо" курсу. Индонезия, Улуу Британия;

1999 — АКШ, Вашингтон. Укуктар боюнча эл аралык институт, эл аралык сатып алуулар адистиги;

2005 — Кыргыз улуттук юридикалык академия, юрист адистиги.

Эмгек ишмердүүлүгү:

1975-1976 — Фрунзе шаарындагы "Сантехзаготовок" заводу, слесарь;

1982-1983 — Шаардык тез жардам кызматы, дарыгер-хирург;

1983-1985 — Ысык-Ата райондук борбордук оорукана, дарыгер-хирург;

1985-1986 — Онкология жана радиология боюнча Кыргыз илим изилдөө институту, кенже илимий кызматкер.

1986-1992 — Ысык-Ата райондук борбордук ооруканасынын дарыгер-хирургу, хирургия бөлүмүнүн жетекчиси;

1992-1996 — Ысык-Ата райондук борбордук ооруканасынын башкы врачы;

1995–2000 — Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөрү палатасынын I чакырылышынын депутаты;

1996-1998 — Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары;

1998-2000 — Медициналык милдеттүү камсыздандыруу фондусунун башкы директору;

2001 — "Дентал системс" ЖЧКсынын башкы директору;

2002-2005 — Шайлоолор менен референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комитетинин мүчөсү;

2005-2006 — Шайлоолор менен референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комитетинин төрагасы;

2007-жыл 30-март — 24 октябрь – Саламаттык сактоо министри;

2008-жыл, июнь — Кыргызстандын Кореядагы элчиси;

2010-жыл, 27-март-апрель — Корея менен кошо эле КРдин Вьетнамдагы элчиси;

2010 — "Кайнар" АКсынын директорлор кеңешинин төрагасы;

2011-жыл, июль — Шайлоолор менен референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комитетинин төрагасы;

2018-жыл, май — Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

2019-жыл, июнь — Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0