00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
17:57
2 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Экономикалык панорама
19:05
45 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мугалимдердин айлыгы көтөрүлдү — ал кантип эсептелет?
11:08
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ветеринардык дары каражаттары Россиядан келет — лабораториялардын абалы кандай?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Жизнь рядом с ИИ - психолог о том, как это меняет наше восприятие мира
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын жапайы жоогазындары: жоголуп кетүү коркунучу жана аларды коргоо чаралары
13:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Евросоюз в Центральной Азии: партнёрство или расчёт?
14:05
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
“Арашан” эмнеге кымбат — Асыл тукум мал чарбаларды колдоо күчөтүлөт
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Голос Кыргызстана в сердце Москвы: успех Эльнуры Муктарбек
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Унчукпай калба жана коркпо: жумушта жана коомдук транспортто харассментке кантип каршы туруу керек
17:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Все, что нас окружает — незримое действие Конституции — разговор о главном законе страны
18:07
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Согушта ага лейтенант наамына жеткен Султан Сарыбаев
19:06
29 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
“Арашан” эмнеге кымбат — Асыл тукум мал чарбаларды колдоо күчөтүлөт
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жашыруун маалыматты ачыктап салган. Эдил Байсалов тууралуу 6 факт

Жазылуу
Эдил Байсаловдун талапкерлиги Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилигине сунушталып жатат.

Мындай маалыматты бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинен таратышты. Маселе 28-майда комитетте каралары кошумчаланды.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги Байсаловдун буга чейинки баскан жолунан эсте калган учурларды тизмектеди.

Эки ирет кол салуу болгонун айткан

Министр сельского хозяйства Нурбек Мурашев - Sputnik Кыргызстан
Министрликтен кеткен Мурашев картошкадан башка эмнеси менен эсте калды
2006-жылдын 12-апрелинде Бишкектеги "Илбирс" АКсынын имаратындагы кеңсесинен чыгып келе жатканда белгисиз адам артынан кежиге тушка чапкан. Ал кезде Байсалов президент Курманбек Бакиевдин бийлигин сындаган "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын лидери эле. Бул факты боюнча шаардык милиция "Ээнбаштык" беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Бирок кол салган киши кармалган эмес. Ушул эле жылдын декабрь айында жергиликтүү ЖМКлар Байсаловго дагы бир жолу "Ош" аэропортунан кол салуу болгонун жазышкан. Анда ал өзүн бейтааныш адам бетке бир койгонун айтып чыгып, буга саясий көз карашы себеп болгонун билдирген. Баса, биринчи кол салуудан кийин ошол кездеги оппозиционер ооруканага жатып чыккан.

Жашыруун маалыматты ачыктап салган

2007-жылы мөөнөтүнөн мурда болгон парламенттик шайлоонун алдындагы бюллетень чуусу эсиңердеби? Шайлоого бир нече күн калганда бюллетендерди басып чыгарып жаткан цехке барган Байсалов документти сүрөткө тартып алып, социалдык тармакка чыгарып салган. Мындан соң ошол кезде мүчөлүк кылган КСДПнын катарынан дагы, депутаттыкка талапкерликтен дагы чийилген (тизмеде 13-сапта болчу — ред.) Башкы прокуратура ага каршы кылмыш ишин козгоп, Биринчи Май райондук соту анын аракеттеринен улам мамлекетке 20 миллион сом чыгым келтирилгенин аныктаганын ЖМКлар жазган. Бул айып КСДПнын мойнуна жүктөлгөн. Ошондон кийин Байсалов Кыргызстандан чыгып кеткен.

Саясий башпаанек сураганбы?

Ишкер Тилек Токтогазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
“Бир бол” фракциясы айыл чарба министри кызматына Тилек Токтогазиевди сунуштады
Ушул окуядан кийин Байсаловдун Казакстанга, андан ары Швеция мамлекетине кеткени айтылып жүрчү. Бул учурда укук коргоочу Турсунбек Акун Байсаловдун саясий башпаанек сурап жүргөндүгү тууралуу маалыматы бар экенин айтып чыккан. Бирок Байсалов кийин өзү бул маалыматты төгүндөгөн.

Отунбаеванын аппаратын жетектеген

2010-жылы Убактылуу өкмөттүн аппаратын жетектеген.

Министрдин милдетин аткарган

Байсалов 2012-жылы социалдык өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болгон. Тагыраагы, аталган кызматта 3-августтан 6-сентябрга чейин отурган.

1-апрелдеги тамашасы

Ушул жылдын 1-апрель күлкү күнүнө карата өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасына ТИМдин алдындагы Казы Дикамбаев атындагы дипломатиялык академиясына ректор болгонун жазган. Буга бир катар ЖМКлар ишенип, жаңылык катары беришкен. Көп өтпөй өзү муну тамаша иретинде айтканын, аны "бүгүн эле жарыялап ийишет" деп ойлобогонун жазган. Кийин бул маалыматты Тышкы иштер министрлиги төгүндөгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0