БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Ачык өкмөт" улуттук форумунун катчылыгынын жетекчиси Иманкадыр Рысалиевди кызматынан алуу сунушун киргизди. Бул туурасында өкмөттөн кабарлашты.
Абылгазиев ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы элчи Пьер фон Арксуга "Ачык өкмөт" улуттук форумунун катчылыгынын жетекчиси Иманкадыр Рысалиевди кызматынан алуу сунушун киргизди. Маалыматта бул аталган жагдай боюнча коомчулуктагы нааразылыктан улам болгондугу айтылган.
Мындай чечим мамлекеттик башкаруудагы ачыктыкты камсыздоону мындан ары алып баруу маанилүү болгондугунан улам кабыл алынганы билдирилген.
Өкмөттөн бул программаны ЕККУ каржылай турганын айтышты. Эми аталган кеңсенин жетекчиси Улуттук форумдун мүчөлөрүнө кайрылышы керек. Анын курамында жарандык коом менен мамлекеттик органдардын өкүлдөрү бар. Эми чечимди алар кабыл алмакчы.
Андан мурдараак "КТ Мобайлдын" жетекчилери 300-350 миң маяна алары айтылып, директордун орун басары өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин баласы экени ачыкталган.
Бул коомчулукта резонанс жаратып, жетекчилердин баары иштен кетүүгө мажбур болду.
Бул чырдын айланасында депутаттык комиссия түзүлгөн.
Ал эми Абылгазиев өзү бүгүн,18-майда, бажасынын мындай ишке аралашканы туурасындагы маалыматка ишенбей турганын жана аны такташ керектигин айткан.