00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Без салютов и петард: почему кыргызстанцев просят отказаться от пиротехники
08:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кунарсыз жерлерди калыбына келтирүү долбоору — мигранттар үчүн ийгиликтүү боло алабы?
09:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Что показала евразийская интеграция в цифрах и экономике — беседа с министром ЕЭК
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Калкты көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн кандай аракеттер көрүлүүдө?
11:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Улуттук академиялык драма театрынын чыгармачылык саясаты жана өнүгүү багыттары
13:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Быйыл калкты тейлөө борборлору 3,6 миллион кызмат көрсөттү — жыл жыйынтыгы
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
ЕАЭБдин эркин экономикалык зонасы. Ири экономикалуу өлкөлөрдү эмнеси менен өзүнө тартат?
17:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Тоолуктардын ден соолугун бөлүп изилдеген институт 70 жыл мурда эле түзүлгөн
19:06
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Быйыл калкты тейлөө борборлору 3,6 миллион кызмат көрсөттү — жыл жыйынтыгы
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ишене албайм! Абылгазиев "КТ Мобайлга" аралашкан бажасы боюнча үн катты. Видео

Жазылуу
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев журналисттердин суроосуна кыскача жооп берип, "КТ Мобайл" компаниясын ачууга өзү кызыкдар болгонун билдирди. Ишкананын айланасындагы чууну "чарбалык ишти саясатташтырып жиберишти" деген пикирин айтты.

Костюмчан кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Саясатчылардын, депутаттардын балдары кайда иштейт. Тизме
Кечээ, 17-майда, "КТ Мобайл" чыры боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында премьердин бажасы Иманкадыр Рысалиев аталган компаниянын ишине кийлигишкени айтылды. Тагыраагы, ал мамлекеттик кызматкерлерди өкмөттүн аппарат башчысынын орун басарынын кабинетинде эки-үч жолу жана Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин имаратында жыйналыш өткөрүп, "КТ Мобайлды" тезирээк ишке киргизүүгө тапшырма берген. Мындай кадамга барууга ага ким укук берди деген суроо жаралууда. Анткени Рысалиевдин "КТ Мобайл" компаниясына тиешеси жоктугу айтылууда.

Бул боюнча өкмөт башчы бүгүн Улуттук китепканада өткөн конференцияга катышып чыгып баратканда сурадык.

"КТ Мобайл" мамлекеттик долбоор, муну аягына чейин жеткирүү керек деп ойлойм. Чарбалык, экономикалык маселени саясий маселеге айландырып отурабыз. Бул туура эмес. Депутаттык комиссия түзүлүп иштеп жатат. Алар "бажасы, уулу боюнча" деп жатат, баарын көрүшсүн. Жеке мен туугандардын аралашканын туура эмес көрөм. Мамлекеттик көз карашта боло турган иштерди баарыбыз колдойбуз деп ойлойм. "КТ Мобайл" менен MegaCom компаниясынын биргелешип иштешин өзүм колдоп, ушундай жасаш керек деп айткам. Себеби азыр уюлдук компаниялардын арасында Кыргызстандын компаниясы жок", — деди Абылгазиев.

Ал эми бажасы Иманкадыр Рысалиев өкмөттө жыйын өткөргөнү боюнча сураганда, "ага ишене албайм, тастыкташ керек" деп кыскача гана жооп берди.

Белгилей кетсек, MegaCom компаниясынын башчысы Акылбек Жамангулов Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде, Иманкадыр Рысалиев "КТ Мобайлды" башынан баштап калкалап жүргөнүн билдирген. Ошол эле учурда ал үй-бүлөсүн кошуп коркутканын айтууда.

"КТ Мобайл" тууралуу кыскача

MegaCom компаниясынын башчысы Акылбек Жамангулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
"КТ Мобайлды" ким калкалап жүргөн? MegaCom башчысы Жамангулов агынан жарылды
"Кыргызтелеком" ААКтын туунду компаниясы "КТ Мобайл" 2003-жылы түзүлүп, уюлдук байланыш кызматын көрсөтүү боюнча лицензия алган. Өзүнүн жыштыгы бар, башка оператордун жабдуулары менен ишке кирүүнү каалаган. Ал үчүн өткөн жылдын аягында компаниянын жыштыгы аукционго коюлуп, "Альфа-Телеком" ЖАК (MegaCom) 345 миллион сом сунуштап утуп алган. План боюнча уюлдук оператор катары 8-майда ишке кирмек.

Ал ортодо "КТ Мобайлдын" жетекчилери 300-350 миң маяна алары айтылып, директордун орун басары өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин баласы экени ачыкталды. Бул коомчулукта резонанс жаратып, жетекчилердин баары иштен кетүүгө мажбур болду.

Бул чырдын айланасында депутаттык комиссия түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0