БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Маданият министри Азамат Жаманкулов 27-мартта белгиленген Бүткүл дүйнөлүк театр күнүнө карата КР эл артисти Замирбек Сооронбаевдин үйүнө барып, акыбалын сурады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.
© Фото / пресс-служба Минкультуры КРМаданият министри Азамат Жаманкулов 27-мартта белгиленген Бүткүл дүйнөлүк театр күнүнө карата КР эл артисти Замирбек Сооронбаевдин үйүнө барып, акыбалын сурады
Маданият министри Азамат Жаманкулов 27-мартта белгиленген Бүткүл дүйнөлүк театр күнүнө карата КР эл артисти Замирбек Сооронбаевдин үйүнө барып, акыбалын сурады
© Фото / пресс-служба Минкультуры КР
Министр актердун жубайы, КРдин эмгек сиңирген артисти Калича Сейдалиеваны дагы кесиптик майрамы менен куттуктады.
Жолугушуу учурунда министр Замирбек Сооронбаевге чыныгы актердук чеберчилиги, аткарган ролдору үчүн ыраазычылык билдирип, учурдагы театр тармагында болуп жаткан жаңылыктар тууралуу баарлашты.
Эске салсак, Замирбек Сооронбаев 2015-жылы инсульт илдетине кабылган. Учурда үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө.