00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Будь в курсе
Швейный хаб или «цех на выживание»? Как Бишкек становится столицей евразийского аутсорсинга
08:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жакынкы Чыгыштагы абал: Трамп АКШ-Иран согушундагы максатына жетпей калдыбы?
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Разрыв ожиданий: почему выпускники и работодатели не могут договориться о зарплате
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда 401 миң гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өткөрүлдү. Кандай ыкмалар колдонулат?
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
ТЭЦ или машины? Компьютерная модель раскрыла настоящих виновников смога в Бишкеке
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
13:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Не просто юрист: почему лучший педагог СНГ ставит добро выше кодексов
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Исражидин Зарипов: «Адам баласынын жүрөгүнө көчөт отургузууга болгон сүйүүнү отургузушубуз керек»
17:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Hitec и работа с местными властями - как в КР предвидят чрезвычайные ситуации
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Жогорку окуу жайлар эми илимди өндүрүшкө чыгара алабы? Жарлыктын келечеги
19:06
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Баланы чет өлкөгө чыгаруу үчүн паспортту кантип алуу керек? 9 суроого жооп

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргызстандын жаранын паспорту. Архив
Кыргызстандын жаранын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми балаңызды кайсы өлкөгө алып барууга камынбаңыз, ага паспорт алышыңыз керек. Ал үчүн кандай документтер керек, кимге кайрылып, документти канча сомго бүтүрсө болорун Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан билсеңиз болот.

Балаңызды буга чейин Россия, Өзбекстан жана Казакстан мамлекеттерине тиркеме менен гана алып чыгып жүрсөңүз, эми тартип өзгөрөт. Тагыраагы, ушул жылдын 1-июлунан тарта Кыргызстандан жогоруда белгиленген өлкөлөргө жашы жете элек балдарды алып чыгуу үчүн керектелген тиркеме берүү токтойт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлаган.

Ушул жана башка өлкөлөргө барууда эми өзүңүзгө эле эмес, балага да сыртка чыга турган паспорт (жалпы жарандык) алышыңыз керек болот. Аны алууда ата-эне кандай документтерди топтоп, кайда кайрылса болот? Балага паспорт канча убакытта жасалып бүтөт? Ушул жана башка суроолорго Аламүдүн райондук паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн башчысы Ринат Алиев жооп берди.

Сыртка чыгуучу паспорт алууда баланын жаш курагы эске алынабы?

Свидетельство о рождении ребенка в КР - Sputnik Кыргызстан
Бала сатты деген гинекологдор. Экөө документти жасалмалаганын моюндады
Мыйзам боюнча чет мамлекетке чыгып жаткан КР жаранынын колунда сөзсүз жалпы жарандык паспорту болушу керек. Бул мыйзам жаңы төрөлгөн ымыркайга да тиешелүү. Буга чейин жашы 16га чыга элек балдарга Казакстан, Өзбекстан жана Россияга алып чыгуу үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн ичине кошумча тиркеме берилчү. Бирок мындай тиркемелерди айрымдары үйүнөн деле колго жасап алып жаткандыктан, балага да паспорт алуу милдеттендирилди. Мындай тартип менен бала сатуунун алдын алалы деп жатабыз. Үч өлкөдөн башкасына буга чейин деле балага паспорт алышчу.

Кандай документтер керек?

Баланын ата-энесинин экөөнүн тең паспорту керек. Эгер атасы же апасынын көзү өтүп кеткен болсо, өлгөндүгү тууралуу документ зарыл. Мындан тышкары, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, сыртка алып чыгуу үчүн атасынын да, энесинин да уруксаты керек. Ал уруксат кагазды нотариустан жасатышат. Ошондой эле паспорт бөлүмдөрүнөн тартылган баланын сүрөтү зарыл.

Эгер баккан бала болсо мыйзамдуу түрдө багып алууга уруксат берген соттун чечими керек.

Жаңы төрөлгөн ымыркай болсо да сүрөткө тарттырыш керекпи?

Сөзсүз.

Баланын сыртка чыгууга алган паспорту канча мөөнөткө чейин жарактуу болот?

Чек арадан өтүп бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өлгөн киши чек арадан ары-бери өтүп... Каттоо кызматындагы алешемдик
Ымыркайлардын өң-келбети өзгөрүп тургандыгын эске алып, 16 жашка чейинки балдарга үч жылга берилет. Тактап айтканда, баланын жаңы төрөлгөнүнөн тарта 16 жашка чейин сыртка чыга турган паспортун үч жылда бир алмаштырып туруу зарыл.

Чоңдордун сыртка чыгуу паспорту менен балдардыкы эмнеси менен айырмаланат?

Экөө окшош эле болот. Болгону чоңдордуку узак убакытка берилсе, балдардыкын үч жылда бир алмаштырып туруу кажет. Эгер бала 15 жашта болсо, ал документти 18 жашка чейин колдонуп, андан кийин алмаштырса болот.

Документ акысыз даярдалабы же төлөмдөр барбы?

Мамлекеттик төлөмдөр төлөнөт. Анын өлчөмү — 530 сом. Бул бир айлык мөөнөттүн эсеби. Мындан тышкары, 8, 4, 2 күндө, ошондой эле үч саатта да даярдалат. 8 күндүгүнө 2170 сом алса, төрт күндүгү 2450 сом турат. Эки күндүгү 2780 сом. Эгер үч сааттын ичинде алып кетем десеңиз, 6390 сом даярдай келиңиз.

Чет өлкөгө бала менен аз убакытка эс алууга бара турган болсо да паспорт алуу зарылбы?

Ар бир мамлекет өз аймагына киргизээрде сөзсүз бул документти сурайт. Андыктан бардык чет өлкөгө, ал тургай коңшу мамлекетке кирүү үчүн дагы сөзсүз сыртка чыга турган паспорт болушу шарт.

Балага сыртка чыгууга паспорт алуу үчүн кайсы мекемелерге кайрылуу керек?

Жалпы жарандык паспорт көтөргөн киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
КРдин жалпы жарандык паспорту үчүн бланк менен литвалык компания камсыздайт
Өлкөнүн бардык райондорундагы паспорт бөлүмдөрүнө жана калкты тейлөө борборлоруна арыз таштап паспорт ала алышат.

Кокус ата-энеси сыртта болуп Кыргызстандан баласын башка адам алып чыга турган болсо, кошумча документ чогултуш керекпи?

Эгер баланын ата-энеси сыртта болсо, ошол жактын нотариустарынан алган макулдугу тууралуу уруксат кагазын жөнөтүп жибериши керек. Баланы чет өлкөгө алып чыгып кете турган адамга да ишеним кат жазып берүүсү зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0