00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
17:57
2 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Особый акцент
Афганистан, геополитика и водные ресурсы - политолог о ключевых процессах и политике Запада в Центральной Азии
14:08
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Дайынсыз жоголгондор: мифтер жана чындык
15:04
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Личный интерес
Голос предков: как менялась музыкальная культура кыргызов по обе стороны Алтая
16:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Дени сак бала — тынч ата-эне: күчтүү иммунитеттин сырлары
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Новый перечень жизненно важных лекарств — фармаколог о том, что изменится для пациентов и больниц
18:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Кыргызстанда алгачкы медициналык “Дарыгер” сериалы тартылды
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Структура личности
Сибирская аграрная наука и Кыргызстан — совместные лаборатории и технологии для АПК
20:07
32 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Дайынсыз жоголгондор: мифтер жана чындык
21:10
38 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Аялдардын саясий билим деңгээли төмөн". Өкмөттүн сөзү депутатты нааразы кылды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карамат Орозова мамлекеттин аткаруу бийлигине аялдар келбегендиктен өлкө кризиске батып, өнүкпөй жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова Кыргызстандагы мамлекеттик бийлик органдарына — аткаруу бийлигине аялдардын тартылбай жатканына капа экенин, ушундай туура эмес гендердик саясаттан улам мамлекет артка кетип, карызы көбөйүп жатканын парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Ал өз сөзүндө Кыргызстандагы калктын 60 пайыздан ашыгын аялдар түзөрүн, базарлардагы соодагерлердин 90 пайызы аялдар экенин, алар банктан насыя алып бир гана өзүнүн жанын бакпастан, мамлекеттин экономикасынын бир учун тартып жатканын айтты.

"Кризис болуп, тышкы карыз көп деп жатышат. Азыр өлкө аялдардын колдоосуна муктаждыр. Эмне үчүн экономика өспөстөн токтоп калды? Карыз көбөйүп кетти. Кыйынчылыкка чыдаган аялдар аткаруу бийлигинде жок калды. Ошондуктан биз ушундай абалга келип калдык. Сөзүм куру болбосу үчүн мисал келтирейин, Кыргызстандын жети облусу болсо, ошонун биринде да аял жетекчи жок. Кырк район болсо, бир да аял аким жок. 35 шаар болсо, бир да аял мэр жок, 453 айыл өкмөтү болсо, бир да аял жетекчи жок. Аялзаты кызматты сиздерден талашкан жок, бийликти силерге берип коюп өлкөнүн абалы кандай болуп жатат?" — деп суроо салды депутат.

Депутат: картошканы сатууга элчилер да жардам бериши керек - Sputnik Кыргызстан
Депутат: картошканы сатууга элчилер да жардам бериши керек
Орозова ошондой эле гендердик тең салмактуулуктун сакталышы боюнча өкмөттүн маалыматын укканын, өкмөттүн аялзатына айткан сөзү аябай капа кылганын белгиледи. Себеби өкмөт "аялдарды саясий билим деңгээли төмөндүгүнөн кызматка албай жатканын" айткан.

"Ошол эле кезде Мамлекеттик кадр кызматы конкурска катышып өткөндөрдүн 80 пайызын аялдар түзөт деп жатат. Конкурс менен келгенде аялдар билимдүү, саясий кызматка келгенде алардын билими төмөн деген бул өтө орой мамиле", — деди депутат.

Орозова ошондой эле аялдарды мамлекеттик кызматка тартуу керектигин жана анын жол-жобосун да иштеп чыгуу зарылдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0