00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Будь в курсе
Археологическая сенсация в КР: итоги подводной экспедиции в районе Тору-Айгыра
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Михаил Булгаковдун чыгармачылыгы: маданий көргөзмөнүн мааниси жана максаты
11:04
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему растут цены на топливо и что будет дальше - мнение нефтетрейдеров
12:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Индия менен Пакистан бири-биринин учагын атып түшүргөнүн айтууда. Эмне болуп жатат

© AP Photo / Mukhtar KhanСолдаты индийской армии на месте обломков военного самолета, сбитого ВВС Пакистана. Кашмир, 27 февраля 2019 года
Солдаты индийской армии на месте обломков военного самолета, сбитого ВВС Пакистана. Кашмир, 27 февраля 2019 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чатак Нью-Дели менен Исламабаддын ортосундагы ансыз деле чыңалып турган алаканы курчутканы айтылууда.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Пакистандын Аскердик аба күчтөрүнүн истребителин индиялык Аскердик согуштук күчтөрдүн МиГ-21 учагы талаштуу Кашмир аймагынын асманынан атып түшүрдү. Бул туурасында РИА Новости Индия ТИМинин өкүлү Равиш Кумарга шилтеме берип кабарлады.

Ал Индия дагы МиГ-21 учагынан ажырагандыгын кошумчалаган.

"Пакистандык авиация аймакта байкалары менен Индиянын Аскердик аба күчтөрү илгиртпей "жооп берди". Бул чатакта Пакистандын Аскердик аба күчтөрүнүн истребителин Индиянын МиГ-21 согуштук учагы атып түшүрдү. Кургактагы аскерлерибиз пакистандык учак алардын аймагына кулап түшкөнүнө күбө болгон", — деп айтып берген Кумар журналисттерге берген атайын брифингде.

Өкүл МиГ-21 учагынын учкучу бейдарек болуп жаткандыгын кошумчалган.

"Пакистан тарап биздин пилот алардын колунда экендигин кабарлады. Окуянын кандай болгондугун тактап жатабыз", — деген жогорку кызматта тургандардын бири.

Буга чейин талаштуу Кашмир аймагынын аба мейкиндигин бузганы үчүн пакистандыктар коңшу индиялык эки учакты атып түшүрүп, эки пилотту кармаганын билдирген эле.

Исламабаддын маалыматында алардын бири жаракат алгандыктан, ооруканага жеткирилери айтылган.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Трамп менен Ким Чен Ын көзмө-көз сүйлөштү
Пакистан ТИМи индиялык учактарга Кашмирдин аймагындагы абадан сокку уруусу — "өздөрүн коргоого даяр тургандыктарын жана ал ниет күчтүү экендигин" көрсөтүү болгондугун билдирди.

Индия менен Пакистандын ортосундагы мамиле 14-февралда жанкечти аскерлештирилген полициянын жанында өзүн жардырып жибергенден тарта курчуп кеткен. Окуя Индиянын түндүк тарабындагы Жамму жана Кашмир штаттарында болуп, 45 киши көз жумган. Жардыруунун жоопкерчилигин Масуд Азхар аттуу адам өзү башкарган "Жаиш-е-Мухаммад" тобу менен кошо алган. Индия террордук түзүмдөрдү колдогону үчүн Пакистанды күнөөлөп, бирок экинчи тарап негизсиз деп, далил талап кылган. Алар Нью-Дели менен биргеликте теракт боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүгө даяр экендиктерин билдирген.

Бул чатак Нью-Дели менен Исламабаддын ортосундагы ансыз деле чыңалып турган алаканы курчутканы айтылууда. Аймакта согуш оту тутанып кетиши мүмкүн деген кооптуулук жаралган.

Ал арада бир катар мамлекеттер Индия менен Пакистанды сабырдуулукка чакырууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0