00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Дыйкан-фермерлерге эң төмөнкү пайыз менен насыя берилет. Шарт-талабы

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүУй фермасы. Архив
Уй фермасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 60 айга созулуп, 2019-жылдын февралында иштеп баштайт.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. "Айыл чарбасын каржылоо-7" долбоорун ишке ашыруу башталды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

"Айыл чарбасын каржылоо-7" долбоору ишкердик субъектилердин жана жеке жактардын 2019-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүүсүнө багытталган", — деп айтылат маалыматта.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров - Sputnik Кыргызстан
Парламентте Айыл чарба министрлигин жоюу маселеси кайрадан көтөрүлдү
Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 60 айга созулуп, 2019-жылдын февралында иштеп баштайт. Анын алкагында сүт, эт, жүн, бал, балык, жашылча (сарымсак, пияз, томат), картошка, жемиш (уруктуу, данектүү), мөмө (малина, кулпунай, карагат), техникалык өсүмдүктөр (пахта, тамеки), төө буурчак сыяктуу артыкчылыктуу багыттарга, ошондой эле "Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү" тармагына жылдык үстөгү алты пайыздык насыялар берилет.

Асыл тукум жана үрөн чарбаларына, кант кызылчасын өстүрүү менен алектенген субъектилерге артыкчылык берилет.

Ал эми жылдык үстөгү сегиз пайызды түзгөн насыялар төмөнкү багыттарга берилет:

  • Бак өстүрүү жана ургаалдуу токойчулук менен алектенген субъектилер;
  • Күнөскана чарбасы менен алектенген жана тамчылатып сугаруу тутумун киргизүү боюнча субъектилер;
  • Асыл тукум мал же жасалма жол менен уруктандыруу жабдууларын сатып алуучу субъектилер.

Жылдык үстөгү 10 пайызды түзгөн насыя "Мал чарбачылыгы" жана "Өсүмдүк өстүрүү" тармактары үчүн белгиленген.

"Насыянын мөөнөтү 36 айдан ашык эмес. Бирок бак өстүрүүгө, ургаалдуу токойчулукка, үрөн өстүрүү жана асыл тукум чарбаларына, тамак-аш, кайра иштетүү ишканалары, күнөскана, тамчылап сугаруу системасын киргизүүгө берилүүчү насыялардын төлөө мөөнөтүн 60 айга чейин белгилөөгө уруксат берилет", — дешти өкмөттөн.

Мындан сырткары, 150 миң сомго чейинки жеке насыялар жана 500 миң сомго чейинки топтук насыялар күрөөсүз негизде 18 айга чейин берилиши мүмкүн. Бул максатка багытталган каражат жалпы насыялоонун жети пайызынан ашпашы керек.

Жеңилдетилген убакыт: карыздардын негизги суммасын төлөөдөн алты айга чейин бошотуу мүмкүн.

Асыл тукумдуу малга төмөнкүдөй породалар кирет:

  • бодо мал (ала тоо, карала, аулие-ата, ошондой эле голштин, жерсей, симменталь, айшир, герефорд, голланд, ярослав, холмогор, күрөң швиц уйлары), топоздор жана жылкылар;
  • кой (уяң жүндүү, тянь-шань жарым уяң жүндүү, алай, гисар жана меринос).

Бул тармактагы субъектилер ушул долбоордун алкагында бир зайымчыга үч миллион сомго чейин насыя ала алышат.

Асыл тукум мал жана жасалма жол менен уруктандыруу боюнча субъектилерге 10 миллион сомго чейин насыя берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0