Президенттин сөзү, сый акы, Илзат Ахметов... Александр Крестинин менен маек

© Sputnik / Табылды КадырбековГлавный тренер сборной КР по футболу Александр Крестинин
Главный тренер сборной КР по футболу Александр Крестинин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин оюнчулардын катарына кимдер кошуларын, КР-БАЭ беттешин тейлеген калыс жана президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон сүйлөшүүсү тууралуу айтып берди.

Крестинин машыктыруучулукту 2014-жылдан бери аркалап келет. Команда тарыхта биринчи жолу дүйнөнүн мыкты 100 командасынын катарына кирип, тизменин 75-сабына илинген. Азия кубогунда мыкты оюн көрсөтүп, плей-оффто жеңилип калганына карабастан элдин алкоосуна татыды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчуларына жана машыктыруучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. - Sputnik Кыргызстан
Футбол мыктылары президент Жээнбековдон кандай сыйлык алышты. Тизме
— Акыркы бир жарым жуманын ичинде көп жолугушууларды өткөрдүңүз окшойт. Жыйынтыгы кандай болду?

— Жыйынтыкка жолугушуулар эмес, Азия кубогу жеткирди десек туура болот го. Спортчуларыбыздын оюнунан улам өкмөттө стадион куруу чечими кабыл алынды. Футболчуларга суроо-талап жогорулады. Азыр ар жактан сунуштар түшүп жатат. Бул факт. Айтайын дегеним, сиз айткан жолугушуулар мыкты оюндун натыйжасы. Демек, биз туура жолдо баратабыз.

— БАЭ менен болгон беттештен кийин ким биринчи болуп чалды?

— Мен оюнга телефон албайм, чечинген жерде калган. Көп деле киши чалбаптыр, бирок билдирүүлөр аябай көп экен!.. 

© AFP / KARIM SAHIBАлександр Крестинин машыктыруучулукта 2014-жылдан тарта аркалап келет. Ошондон бери КР командасы дүйнөнүн мыкты 100 командасынын катарына кирип, тизменин 75-сабына илинген. Азия кубогунда плей-оффко чейин жетти.
Тренер сборной Кыргызстана по футболу Александр Крестинин - Sputnik Кыргызстан
Александр Крестинин машыктыруучулукта 2014-жылдан тарта аркалап келет. Ошондон бери КР командасы дүйнөнүн мыкты 100 командасынын катарына кирип, тизменин 75-сабына илинген. Азия кубогунда плей-оффко чейин жетти.

— Команда Азия кубогунан канча акча тапты?

— Билбейм. Аны башкы катчыдан суроо керек.

— Чемпионаттан кийин ким менен болгон жолугушуу катуу таасирлентти? Командага колдоо көрсөтүү боюнча кандайдыр бир убадалар берилдиби?

— Таң калтырды десем жеткиликтүү болбой калат го. Аэропорттон, аянттан тосуп алган күйөрмандар "шок" кылды. Сезимдерди сөз менен айтып бере албайм. Элден ушундай бир дем-күч келип жатты дейсиз… Ага катар эле бир топ жолугушуулар болду. Баарынын максаты — колдоо көрсөтүү. Эч ким эч кандай убада берген жок. Куру убадалардын жаңырбаганы жакшы болду деп ойлойм.

— Сооронбай Жээнбеков менен эмне тууралуу сөз болду?

— Азия кубогунун жыйынтыгын талкууладык. Турнирдин убагында болгон нерселер тууралуу сүйлөштүк. Президенттин оозунан жылуу сөз угуу абдан жагымдуу болду. Мелдеш учурунда баарыбыздын башыбыз биригип, Кыргызстан жеңсин деген бир тилекке баш койгонубуз сонун болду. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМашыктыруучу президенттин колунан "Данакер" ордени менен сыйланды
Вручение госнаград игрокам и тренерам Национальной сборной КР по футболу - Sputnik Кыргызстан
Машыктыруучу президенттин колунан "Данакер" ордени менен сыйланды

— Команданын мындан аркы кадамдары кандай болот?

— Сентябрда Дүйнө чемпионатына, Азия кубогуна тандоо турунун алкагында беттешүүлөр өтөт. Мартта жолдоштук оюндарга даярданабыз.

— Кыргызстандыктардын калыс Фу Мингге болгон терс мамилесине кандай баа бересиз?

— Калыска болгон кадимки мамиле.

— Азамат Байматовдун Илзат Ахматовго КР командасы үчүн ойноо сунушу тууралуу эмне айта аласыз?

— Негизи урунттуу, курч маселелер боюнча соцтармак аркылуу пикир билдирүүгө каршымын. Азаматты сындабайм, ал чын дилинен айтты, бирок эч бир маани көргөн жокмун. Мыйнапсыз кадам болуп калды окшойт, анткени бул коомдук эмес, жеке маселе. Анын үстүнө Илзат тагдырын эбак эле чечип койгон, биз ага эч нерсе таңуулабайбыз. 

— Эл аралык футбол клубдарынан кимди чакыралы деп жатасыздар?

— Азыр бир да кишинин аты-жөнүн атай албайм. Кимиси жакшы формада болсо, ошону чакырабыз.

— Жаңы стадион каякка курулат экен? Кайсы жер ыңгайлуу деп ойлойсуз?

— Мен бул жаатта адис эмесмин, кайсы бир жер тууралуу айтуу азыр эртелик кылат. Өтө маанилүү маселе, кесипкөй адистер иштейт. 

— Мамлекеттен, жеке демөөрчүлөрдөн сый акы каралыптырбы?

— Мамлекеттен сый акыбызды алдык, демөөрчүлөр тууралуу укпаптырмын.

Жаңылыктар түрмөгү
0