00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги транспорттук-логистикалык интеграция кандай абалда — транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, санариптештирүү
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Баткенде "Айгүл гүлү" эл аралык фестивалы өтөт. Иш-чараны дүйнөлүк деңгээлдеги брендге айлантуу мүмкүнбү?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Новый порядок приёма иностранных студентов, что меняется
12:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кызматкердин укугу — биринчи орунда: бүгүнкү күндө кесиптик бирликтердин ролу кандай?
13:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Опись имущества в аренде: зачем она нужна и как правильно её составить - советы юриста
14:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Спилили любимый тополь - случайно или по науке? Фитопатолог о логике решений
16:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Закон или справедливость: в чём евразийское мышление расходится с западным
18:07
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Опись имущества в аренде: зачем она нужна и как правильно её составить - советы юриста
20:06
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Рефери Фу Минг ким? Соцтармактын нааразылыгын жараткан калыс тууралуу маалымат

© AFP / Khaled DESOUKIПолузащитник Объединенных Арабских Эмиратов Али Салмин и нападающий сборной Кыргызстана Виталий Люкс во время раунда 16-го тура Кубка Азии по футболу между сборными командами ОАЭ и Кыргызстана, который проходит на стадионе Zayed Sports City в Абу-Даби 21 января 2019 года.
Полузащитник Объединенных Арабских Эмиратов Али Салмин и нападающий сборной Кыргызстана Виталий Люкс во время раунда 16-го тура Кубка Азии по футболу между сборными командами ОАЭ и Кыргызстана, который проходит на стадионе Zayed Sports City в Абу-Даби 21 января 2019 года. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан — БАЭ оюнун Фу Минг башында турган калыстар бригадасы тейледи. Экстра-таймда реферинин дайындаган пенальтисинен улам атаандаштар жеңишке жетти. Бул кыргызстандыктардын эле эмес, күйөрмандык кылган жалпы элди нааразы кылды.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Азия кубогунун 1/8 финалында ойногон кыргызстандык команда талаа ээси болгон Бириккен Араб Эмирлигине 2:3 эсебинде утулуп калды. Жеңилүү ызасына карабай улуттук команда мыктылыгын көрсөттү. Акыркы голду арабдар күмөн жараткан пенальтиден киргизгени да айтылууда.

Бул беттешти Фу Минг башында турган калыстар тобу тейледи. Команданын басымдуу бөлүгү кытайлыктардан турган FIFA арбитрлеринен түзүлгөн. Арасында түштүккореялык бир рефери болду. Көрөрмандардын көпчүлүгү башкы рефериге нааразы болуп, аны сатылып кетти деп күнөөлөп жатышат.

Кубок Азии по футболу. 1/8 финала. Кыргызстан — ОАЭ - Sputnik Кыргызстан
Кичиндин футболкасын кайдан алам? КР командасына чет элдиктер жан тартканда
Кыргызстандык футбол күйөрмандары социалдык тармакта #FuMingShame (ФуМингУял) деген хэштег менен флешмоб баштады. Ал ортодо оюндун жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн change.org сайтында петиция үчүн кол топтолууда.

Германиянын футболчуларды баалоо менен алектенген Transfermarkt порталынын маалыматы боюнча Фу Минг 1983-жылы Цзянсу провинциясынын Хуайань округунда туулган.

2014-жылдан тарта эл аралык беттештерди тейлеп жүрөт. Дүйнөлүк деңгээлде 2017-жылы өткөн Дүйнө чемпионатынын тандоо турларын, 2018-жылы өткөн Азия чемпионатын (U23) АФК Чемпиондор лигасын жана АСЕАН чемпионатына калыстык кылган.

Кечээки беттеш Азия кубогундагы экинчи арбитрлиги болду. КР — БАЭ оюнуна чейин Ирак менен Йемендин таймашын тейлеген. Анын жыйынтыгы менен ирактыктар плей-оффко чыккан.

Минг улуттук федерациялардын нааразылыгын жараткан калыстардын бири. 2017-жылы Дүйнө чемпионатынын алкагында Сауд Аравиясы менен Таиланддын беттешин тескеген.

Анда да кечээкидей кырдаал түзүлгөн. Сауд Аравиясынын колу менен ойноп ийген оюнчусуна кызыл карта көрсөткөн эмес, бирок оюн соңунда таиланддыктардын дарбазасына пенальти дайындаган. Бул топ арабдар үчүн чечүүчү гол болгон. Беттештен кийин Таиланддын Футбол ассоциациясы ФИФАга арызданган. Кийинчерээк Мингдин чечими туура делип, акталган.

2016-жылы 36 жаштагы Минг Сузуки кубогу үчүн ат салышкан Вьетнам менен Индонезиянын оюнун тейлеп, көптөрдүн эсинде калган. Алгач Вьетнамдын дарбазасына пенальти дайындап, бир аздан соң аны кайра жокко чыгарып салган.

Кыргызстандык белгилүү рефери Бахадыр Кочкаров да Фу Минг тууралуу пикир айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0