БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Бишкекте №1 тергөө абагынын жанында түкүрүнгөн эки милиция кызматкери изделип жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ШИИБден маалымдашты.
© © видео очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуКөчөдө түкүрүнгөн дагы эки милиционер видеого түшүп калды
Көчөдө түкүрүнгөн дагы эки милиционер видеого түшүп калды
© © видео очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
Окуянын видеосун күбө WhatsApp каналы аркылуу жиберди. Анын айтымында, кадр 9-январь күнү саат 17.53тө тартып алынган.
"Эки кызматкердин аты-жөнүн тактоо иштери жүрүп жатат. Алар Эреже бузуу кодекси боюнча жазаланат", — дешти ШИИБден.
Буга чейин дагы жарандар көчөдө түкүрүп, чылым чеккен милиционерди видеого түшүрүп алышкан. Көп өтпөй анын ким экени жана кайсы жерде иштээри аныкталган.