00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
2 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
К 10-летию ЕАЭС. О достижениях в сфере поддержки бизнеса стран союза
08:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
"Түндүк" системасынын колдонуучуларынын саны 2 миллиондон ашты — канча жаңы кызмат кирди?
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
5 мин
Тема дня
Развитие трансплантации, строительство больниц и изменение законов: итоги года в здравоохранении КР
10:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстандын камсыздандыруу системасы КМШда үлгү болуучу деңгээлге жетти. Жарандар эмнени так билиши керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Рекордное потребление электроэнергии: причины и меры Минэнерго
12:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Китепкананын учурдагы ролу канчалык? Улуттук китепкана заман талабына жараша өзгөрүүгө муктаж
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
ӨКМге бир катар заманбап технологиядагы техникалар алынууда
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Структура личности
Русский язык как инструмент межкультурного диалога в странах ЕАЭС
16:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Жусуп Баласагындын кыргызга таандыгын далилдеген окумуштуу Качкынбай Артыкбаев
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Какие геополитические изменения произошли в 2024 году
18:07
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
2025-жылдан тарта Премьер-лигадагы командалардын саны өсөт, клубдар өспүрүм кыздар командаларын түзүүгө милдеттендирилет
19:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ӨКМге бир катар заманбап технологиядагы техникалар алынууда
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Фигурист Денис Тендин апасы: уулум буйрутма менен эле киши колдуу болду

© Sputnik / Тимур Батыршин / Медиабанкка өтүүКазакстандык белгилүү фигурист Денис Тендин портрети. Архив
Казакстандык белгилүү фигурист Денис Тендин портрети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оксана Тен уулунун 19-июль күнкү (өлгөн күнү) пландарын айтып, анын WhatsApp тиркемесиндеги жазышкан каттарын көрсөткөн.

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Казакстандык белгилүү фигурист Денис Тендин апасы Оксана Тен уулу буйрутма менен киши колдуу болгон деген божомолун айтты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымдады.

Эске салсак, белгилүү фигурист 19-июлда каза болгон. Денис Тен унаасынын капталындагы күзгүлөрүн чечип жаткан эки ууруну көрүп, кафеден чуркап чыккан. Аларга каршылык көрсөтүүгө аракет жасаганда, кылмышкерлердин колунан бычак жеген. Кийин ооруканага жеткирилип, ошол жактан жан берген. Таланттуу фигурист болгону 25 жашта эле.

Учурда Алматы шаарында Денис Тендин өлүмү боюнча Алматы шаарынын райондор аралык соттук отуруму болуп жатат. Анда маркумдун апасы эмне себептен баласы атайы буйрутма менен киши колдуу болду деп ойлоп жатканын айтып, анын акыркы күнү тууралуу маалымат берген.

"2018-жылдын 29-июнь күнү Денисти Мадина Аманова "Гедонист" ресторанынын ачылышына чакырган. Ресторандын жетекчиси, Денистин классташы Руслан Хайруллаев болчу. Аны жетекчи катары көрүп Денис аябай таң калганын айткан. Анда-санда эле соцтармакта жазышып калганы болбосо, аны менен байланышып, сүйлөшчү деле эмес экен", — деди Оксана Тен.

Апасынын айтымында, бул жолугушуудан кийин классташы Руслан "сыйлап коеюн" деп Денисти аталган ресторанга бир канча ирет чакырган.

18-июлда Хайруллаев Денистин жумушуна кирип, 19-июлда жолугушууну сунуштаган. Апасынын божомолунда уулу 19-июль күнү Русландын ресторанына кирем деп сөз берген.

Фигурное катание. Чемпионат мира. Мужчины. Короткая программа - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-казак кыздары менен түшкөн акыркы сүрөт. Денис Тен тууралуу 6 факты
"Сурамжылоо, видеолордун жыйынтыгынын схемасын түздүк. Менин оюмча, бул атайы буйрутма менен адам өлтүрүү. Уулумдун ар бир сааты жазылуу болчу, бир да мүнөт бош убактысы жок эле. 21-июлда Астанага барып, 22-июлда машыгуу үчүн Канадага учуп кетмекпиз", — деди фигуристтин апасы.

Оксана Тендин айтымында, уулунун 19-июлда жумуш боюнча жолугушуулары болмок. Анын ичинде 15:00дө Казакстанга муз аянтын куруу боюнча чехиялык инвесторлор менен кезигишмек.

"13:45те Хайруллаев аны түшкү тамактанууга чакырган. Денис ачка эмес экенин айтып, бирок "40 мүнөткө кофе ичип кетүүгө кире кетем" деп жазган. Бул учурда саат 13:48 болчу. Бардык жазышуулар уулумдун WhatsApp тиркемесинде турат", — деди маркумдун энеси.

Денис Тендин өлүмүнө шектүү делип үч адам сурак берүүдө. Алардын бири — аял. Ал окуяны көрүп туруп полицияга маалымдабай койду деген күнөө менен айыпталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0