Маектештен канткенде өзүңө керектүү же андан дагы көбүрөөк маалымат алууга болот? Ал эми респондент сөзгө сараң келип, журналисттин суроолоруна "ооба" же "жок" деген гана жоопторду берип туруп алсачы?
Негизи эле журналист интервью алып жатканда кандай каталарды кетирбеши керек жана маекке кантип даярдануу зарыл?
Бул суроолорго Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Бегимай Бакашева жооп берет. Иш-чара SputnikPro билим берүү долбоорунун алкагында Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда 20-декабрь күнү өтөт.
Мастер-класска катышуу акысыз, орундар чектелүү. Катталуу үчүн телефон: (312) 98-60-27, 98-69-47.