БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Социалдык тармактарда тарап жаткан кыздардын мушташкан видеосу тууралуу Ош шаардык милициянын маалымат кызматы түшүндүрмө берди.
Шаардык милиция "дагы бир кыз сабалды" деген маалыматты четке кагып, бул ошол окуя маалында тартылган экинчи видео экенин айтты.
"Азыр интернетке тарап жаткан видео мурдагы мушташтын башка тарабынан тартылган. Эми чыгып, тарап кетиптир. Биринчи видеодо окуянын аяк жагы тартылган. Уруштун баш жагы ушундай болгон экен. Бул боюнча биздин кызматкерлер ошондо эле териштирген", — деп айтылат маалыматта.
Окуя ушул жылдын 21-ноябрында болжол менен саат 11.00дөрдө болгон. Бети канап, таяк жеп жаткан кыз Ош шаарынын мектептеринин биринин 11-классынын окуучусу. Ал эми аны урган кыз Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн 16 жаштагы жашоочусу. Милициянын маалыматына караганда, ал мурда эки ирет уурулук жана бейбаштык беренеси боюнча соттолгон. Учурда дагы бир уурулук боюнча иши Кара-Суу райондук милициясы тарабынан каралып жатат. Апасы жалгыз тарбиялап чоңойткон. Эки кыздын мушташын отузадырлык кыздын курбусу видеого тарткан.
Бирок тараптар бири-бирине арыз жазуудан баш тарткан. Окуя Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан толук жана ар тараптуу териштирлип жатканы айтылат.