Облустук администрациянын маалыматына ылайык, аймакта түрдүү көлөмдөгү 100дөн ашык ишкана бар. Анын айрымдары күн жылыганда жанданса, дагы бири жыл бою иштейт.
Тонналаган эт
© Фото / Бейшенбек АбышевКочкордогу заманбап цехтен чыккан эт борбор калаага алынып келип, андан колбаса азыктарынын бир нече түрү өндүрүлөт
Кочкордогу заманбап цехтен чыккан эт борбор калаага алынып келип, андан колбаса азыктарынын бир нече түрү өндүрүлөт
© Фото / Бейшенбек Абышев
Нарын облусунда эт азыктары менен иштеген эки ири ишкана бар. Алардын бири айына 20 тоннага чейин топоздун этин бууга бышырып консервалайт. Учурда ал продукцияны чет өлкөгө чыгаруу аракеттери жүрүүдө. Экинчи мал сойгон ишкана суткасына 22 тонна эт чыгарат. Кочкордогу заманбап цехтен чыккан эт борбор калаага алынып келип, андан колбаса азыктарынын бир нече түрү өндүрүлөт. Даяр азык азыркы маалда КМШ өлкөлөрүнө экспорттолот.
Сүт, каймак, быштак, сыр…
© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевКочкор менен Нарын районунда сүттү кайра иштеткен эки фирма күнүнө төрт тоннага чейин сүттөн айран, быштак, каймак, йогурт чыгарат
Кочкор менен Нарын районунда сүттү кайра иштеткен эки фирма күнүнө төрт тоннага чейин сүттөн айран, быштак, каймак, йогурт чыгарат
Облус аймагында сүттү кайра иштеткен түрдүү көлөмдөгү 30га жакын ишкана бар. Ишкерлер тарабынан ачылган фирмалар куруттан баштап сырга чейин өндүрөт. Бирок алардын айрымдары гана жыл бою иштеп, ири ишканалардын катарын толуктайт. Мисалы, Ат-Башы районундагы ишкана кышкысын күнүнө беш тоннадай сүттү кайра иштетсе, жайкысын ал көрсөткүч 20 тоннага чейин жетип, сырдын жети түрү чыгат. Ишкерлер учурда чет өлкөгө сатуу аракетин көрүүдө. Андан сырткары, Кочкор менен Нарын районунда сүттү кайра иштеткен эки фирма күнүнө төрт тоннага чейин сүттөн айран, быштак, каймак, йогурт чыгарат.
Форель
Теңиртоолуктар акыркы жылдары балык өстүрүүнү да колго алган. Райондордо жергиликтүү ишкерлердин өз күчү менен ачылган балык чарбалардын саны онго чейин жетет. Алардын ар бири жылына 3-4 тоннага чейин балык өндүрөт. Учурда балыкчылар жергиликтүү базарды камсыз кылуу менен алек.
Жылына 900 миң тонна көмүр
© Sputnik / Табылды КадырбековКара-Кече көмүр кени
Кара-Кече көмүр кени
Жумгал менен Ак-Талаа райондорунда көмүр казган 15 жеке фирма бар. Жумгалда бир жылда 900 миң тоннага чейин көмүр казылса, Ак-Талаадан 26 миң тоннадан ашуун көмүр казылып алынган. Жумгал кара алтынынын 600 миң тоннасын ТЭЦке жеткирсе, 300 миң тоннасы менен аймактарды камсыздайт.
Минералдык суу
© Фото / Элмира КочороваЖумгал районунда жайгашкан ишкана үч тонна ичүүчү суу чыгарат
Жумгал районунда жайгашкан ишкана үч тонна ичүүчү суу чыгарат
© Фото / Элмира Кочорова
Жумгал районунда жайгашкан ишкана үч тонна ичүүчү суу чыгарат. Даяр продукция өлкө аймактарына жөнөтүлөт. Жергиликтүү ишкерлер иштеткен ал чакан цехте жети адам эмгектенет. Ошондой эле Ат-Башы районунда күнүнө бир тоннага чейин чалап чыгарган ишкана да бар.
Европага чейин жеткен шырдактар
© Фото / Жээнбек кызы ИзатНарындагы кол өнөрчүлөр райондордо чакан кооперативдерди ачып кийиз менен иштешет
Нарындагы кол өнөрчүлөр райондордо чакан кооперативдерди ачып кийиз менен иштешет
© Фото / Жээнбек кызы Изат
Нарындагы кол өнөрчүлөр райондордо чакан кооперативдерди ачып кийиз менен иштешет. Уз-чеберлердин көпчүлүгү — буйрутма алып айылдарда эмгектенгендер. Жасаган продукцияларын сатуу үчүн атайын дүкөн дагы ачып алышкан. Алардын колунан чыккан шырдактар Швейцария, Германия, Америкага чейин экспорттолот.
Бир жылда 500 тонна бал
© Sputnik / Табылды КадырбековНарындын беш районунан 50дөн ашык балчынын башын бириктирген ишкана жыл ичинде 500 тоннага чейин бал даярдаганга жетишет
Нарындын беш районунан 50дөн ашык балчынын башын бириктирген ишкана жыл ичинде 500 тоннага чейин бал даярдаганга жетишет
Нарындын беш районунан 50дөн ашык балчынын башын бириктирген ишкана жыл ичинде 500 тоннага чейин бал даярдаганга жетишет. Табигый таза продукцияны азыр коңшу жана Европа өлкөлөрүнө чыгаруу аракеттерин көрүүдө.
Маалыматтар аймактагы ишкерлер менен облустук администрациядан чогултулду.