00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Парламентте бензин менен жүргөн автобус алууга мораторий киргизүү сунушталды

Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты алты айдын ичинде шаардагы бардык автобустарды газга өткөрүү керектигин айтты.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев мындан ары Кыргызстанга бензин жана дизель менен жүргөн автобустарды сатып алууга мораторий киргизүүнү парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Эл өкүлү акыркы учурда Бишкектин үстүн каптап турган кара түтүн маселесин ЖМКлар көтөрүп, бул көйгөй премьерге чейин жетип, ал киши бир топ иш-чараларды тапшырма катары бергенин айтты.

Депутат түзүлгөн кырдаалдан чыгуу үчүн өзүнүн бир-эки сунушун билдирди.

"Парламентте буга чейин коомдук транспорт маселеси боюнча көйгөйлөрдү көтөрүп жүрчү элем. Өзгөчө электр кыймылдаткычтуу автобустарды алуу боюнча. Эми азыр кординалдык бир-эки сунуш киргизейин дедим эле. Мындан ары Кыргызстанга бензин, дизель менен жүрө турган автобустарды албай, аларга мораторий киргизсек. Экинчиден, алты айдын ичинде Бишкектеги бардык автобустарды газга өткөрсөк", — деди депутат.

Эл өкүлү ошондой эле маршруткаларды дагы газга өткөрүү керектигин айтып, эгер кимде-ким транспортун газга өткөрөм десе, аларга жеңилдик берүү керектигин белгиледи.

Бишкекте экологияны булгаган жеке мончолор текшерилип жатат. - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте экологияны булгаган жеке мончолор текшерилип жатат. Сүрөт
"Маршруткалар боюнча 2019-жылдын майынын тарта каттамга кирип иштейм деген жаңы маршруткаларга тыюу салып, аларды электр кыймылдаткычка же газга өткөрсөк. Ал эми азыр иштеп жаткан маршруткаларга да убакыт берип жеңилдик берсек. Мисалы, газга өтө турган болушса, салыктан бошотуп же башка жеңилдиктерди карасак", — деди Маматалиев.

Депутат андан сырктары, жаңы конуштарга газ алып баруу керектигин айтып, жер тамда жашагандарга энергияны көп талап кылбай турган газ же электр энергиясы менен иштеген мештерди орнотуу керектигин белгиледи.

"Жаңы конуштарга газды алып барсак. Бирок үйдү газ менен жылытуу өтө кымбат болот, айрым учурларда 20-25 миң сомго чейин чыгып кетет. Бул жерде жөн эле газ жеткирип койбостон жаңы энергоэффективдүү, газ, электр менен иштей турчу мештерди орнотолу. Бир катар дүйнөлүк уюмдар мындай нерселерди колдойт", — деди парламентарий.

Маматалиев мончолорду милдеттүү түрдө газга же электр энергиясын жаккан мештерге өткөрсө жакшы болмоктугун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0