Аида Салянова: резиденциядан башка жерден үй кызматкер жумшаган жокмун

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев принял Генерального прокурора Аиду Салянову
Президент Алмазбек Атамбаев принял Генерального прокурора Аиду Салянову - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова жашоосундагы оор сыноолорду кимдин жардамы менен жеңип, азыр эмне иш кылып жатканы тууралуу маек куруп берди.

Белгилей кетсек, ага Юстиция министри болуп турган кезде Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып калыбына келтирип берген деп айыпталып, кылмыш иши козголгон. Жыйынтыгында Ленин райондук соту беш жылга эркинен ажыраткан болчу. Бирок өкүм Салянованын эң кичүү баласы 14 жашка чыккандан кийин ишке ашмай болгон.

Мындан тышкары, экс-депутат киши колдуу болгон иниси Улан Саляновго байланыштуу соттук иштерде активдүү катышып жүргөнү белгилүү.

Бирок бүгүн кеп башка нукта болот. Sputnik агенттигинин кабарчысы Салянова менен анын аялдык турмушу жана үй-бүлөсү тууралуу маектешти.

— Аида айым, учурда эмне менен алек болуп жатасыз?

— Азыр көпчүлүк убагымды кызыма, анын тарбиясына бөлүп жатам. Андан тышкары, "Аида Салянова менен инновациялык долбоорлор" компаниясынын иштери менен алекмин.

— Баса, ал компанияны эмне болуп, кантип ачып калдыңыз? Эмне түрткү болду?

— Жогорку Кеңеште, Юстиция министрлигинде, Башкы прокуратурада иштеген соң, өлкөдөгү негизги көйгөйлөрдү жакшы билем. Бийликтен кетсем дагы, билимимди эч ким тартып ала албайт да. Бул долбоордун негизги максаты — укуктук жактан агартуу. Аң сезимди оңдобой туруп бир дагы маселени чечүү мүмкүн эмес.

© Sputnik / Табылды КадырбековСалянова: учурда "Аида Салянова менен инновациялык долбоорлор" компаниясынын иштери менен алекмин
Депутат Аида Салянова - Sputnik Кыргызстан
Салянова: учурда "Аида Салянова менен инновациялык долбоорлор" компаниясынын иштери менен алекмин

— Компаниянын кызматын пайдалангысы келгендер көп бекен? Кимдер, кандай маселе менен кайрылып жатат?

— Акысыз укуктук жардам, кеп-кеңештерге жазылгандар көп болду. Көбүнчө жер жана турак жайга тиешелүү маселелер.

— Акыркы жылдары жашооңузда аял эмес, эркек кишини бүк түшүрчүдөй оор сыноолор болду. Анын бардыгын кайрат менен жеңип кетүүгө ким же кандай жагдайлар жардам берди? Азыр кайра толук кандуу, жашоодон ырахат алып жашай баштадым деп айта аласызбы?

Погибший в ДТП Темир Джумакадыров с супругой Норой Суюналиевой - Sputnik Кыргызстан
Жумакадыровдун жубайы Сүйүналиева: беш жылдан кийин кыз-жигит болгонбуз
— Кудайым кыйынчылык жибергенде, сөзсүз аны жеңе тургандай мүмкүнчүлүктү кошо жөнөтөт экен. Эгерде мага "43 жашыңда балалуу болосуң, бирок чоң сыноолорго чыдашың керек" десе деле макул болмокмун. Дартыма эң негизги даба кызым болду. Экинчиден, чындык баары бир жеңээрин жүрөгүм сезип турду. Ак иштесең, ууру кылбасаң, ушак сүйлөбөсөң, демек түзүлгөн жагдай убактылуу деп ишендим. Анан жакындарымдын, пикирлештеримдин колдоосу чоң күч-кубат берип турду.

— Маркум бир тууганыңыздын үй-бүлөсү азыр кантип атат? Сиз каралашып жатасызбы? Балдары кичине болсо керек?

— Өзүмдүн үч балам болсо, азыр аларга "эми силер бешөөсүңөр" деп айтам. Келиним, инимдин балдары Кудай жолунда болгондуктан, сабыр менен жашоо уланып жатат.

— Иниңиз менен болгон каргашадан кийин жакындарыңыз "сенин айыңдан болду" деп күнөөлөшкөн жокпу?

— Ушу күнгө чейин бир дагы жакынымдан андай маанидеги сөздү уккан жокмун. Башкы прокурор болуп келгенде мүнөзүмдү билген туугандарым бир аз кооптонушту. Байлыгы, бийлиги бар адамдардын мага болгон каршы аракеттерин көрүп-билип, бирок колдоп турушту. Анткени жакындарымдын баары чындыкты баалашат. Иним Улан дагы "Аида эже, сизге бүтүндөй коом каршы болсо дагы, бардыгы Кудайдын колунда. Арты сөзсүз жакшы болот" деп айта берчү. Ал айткандай эле убакыт баарын өз ордуна коюп келе жатат.

© Sputnik / Табылды КадырбековСалянова: иним Улан мени дайыма колдоп турчу
Брифинг экс-генерального прокурора Аиды Саляновой - Sputnik Кыргызстан
Салянова: иним Улан мени дайыма колдоп турчу

— Сизден кийин прокурорлук кызматты аркалаган Индира Жолдубаева кызматта турганда же кеткенден кийин сүйлөшүп, пикир алышкан учурлар болду беле? Мисалы, ал сизден тажрыйбалуу адис катары кеңеш сурап дегендей…

— Алмазбек Атамбаевдин мага каршы колдонгон эң негизги кишиси Жолдубаева болгон. Түзүлгөн жагдай кеңеш сураганга туура келчү эмес.

— Эми жагымдуу нерселер тууралуу сүйлөшсөк, уулуңуз үй-бүлөлүү экенин билебиз. Кандай кайненесиз? Келин-уулду ээн-эркин койгонсузбу же кыр көрсөткөн учурлар болобу?

— Өзүмдүн кайненем абдан калыс, мыкты киши болчу. Аны мактасам "Ой тобо, келин дагы кайненесин мактайбы?" деп уккандар таң калчу. Билбейм, колуман келеби-келбейби, бирок кайненемдей эле болсом деп аракет кылам. Келин-уулду ээн-эркин эле кармайм, бирок алар башкача ойлошу мүмкүн (жылмайып).

— Уулуңуздун келинчек тандоосуна таасириңиз тийди беле?

— Бул же тигил кызга үйлөн деп кыйнаган жокмун. Анткени келиндин кайсы жерден, кандай үй-бүлөдөн  экени такыр маанилүү эмес болчу. Бир эле нерсени,  ыймандуу келин болсун деп сурандык. Кудайым буюрса, ошондой эле болду.

— Балаңыз сүйлөшкөн кызын үйлөнгөнгө чейин эле тааныштырды беле?

— Ооба, таанышып, дароо сөйкө салдык.

© Фото / Жасмин Бактыбек кызыКызы менен
Депутат ЖК Аида Салянова - Sputnik Кыргызстан
Кызы менен

— "Небере таттуу болот" деп коюшат эмеспи, чындап эле эне менен чоң эне болуунун айырмасы бар бекен?

— Азыр кызым да неберем дагы кичинекей. Экөөнүн тең улам жаңы өнөрүн көрүп, ырахат алып турган кез. Экөөсүз жашоо кызыксыз сезилип калды.

— Кыргыз аялына тиешелүү кандай жумуштар колуңуздан келет? Мисалы, шырдак шырып, төшөк көктөп, байпак токуп дегендей…

— Мындай жумуштарды жасап көрө элекмин. Үйрөнө турган убакыт өзү эле келет го.

— "Кыздын көзү кызылда" деген сөз бар го. Алтын-күмүшкө, баалуу таштарга кызыгасызбы?

— Жарашыгына жараша эле тагынам. Өтө кызыгып, артынан кууп сатып албайм.

© Фото / из личного архива Аиды СаляновойЭкс-депутат тоо койнунда туугандардын балдары менен
Экс-депутат ЖК Аида Салянова - Sputnik Кыргызстан
Экс-депутат тоо койнунда туугандардын балдары менен

— Үй кызматчы жумшап көрдүңүз беле?

— Резиденцияда жашап жүргөндө үй кызматкер бар болчу. Ал жактагы үйлөрдүн ар биринде бар эмеспи. Андан башка учурда эч кимди жумшап көргөн эмесмин.

— Телесериал көрөсүзбү? Негизи эле кандай тасмаларга кызыгасыз? Кайсы бир каармандын тагдырын бир нече күн бою ойлонуп-толгонуп жүргөн учурлар болобу?

— Убакыт болуп калса тарыхый жана документалдык фильмдерди көрөм. Фантастиканы жактырбайм. Каармандар тууралуу айтсам, кичинекей балдардын тагдыры жөнүндө болсо катуу таасирленем. Сиз айткандай көпкө чейин унута албай жүрө берем.

— Мурда чоң апаларыбыз айран менен чач жууп, кашына осмо коюп сулууланчу эмес беле. Ушулар сыяктуу бала кезден көрүп, кийин дагы колдонуп калган ыкмаларыңыз барбы?

— Жок. Андайлар жок. Ал эми сулуулануунун азыркы ыкмалары тууралуу айтсам, кирпик коштуруп көргөм. Башкасын пайдалана элекмин.

Жаңылыктар түрмөгү
0