Жумакадыровдун жубайы Сүйүналиева: беш жылдан кийин кыз-жигит болгонбуз

© Фото / из личного архива Норы СуюналиевойПогибший в ДТП Темир Джумакадыров с супругой Норой Суюналиевой
Погибший в ДТП Темир Джумакадыров с супругой Норой Суюналиевой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Сүйүктүүңөрдөн ажырабагыла!" Бул ыр саптарын Нора Сүйүналиева жолдошу Темир Жумакадыров тирүү кезинде эле көп айтчу. Жолдошу экөөнүн тоюндагы агасынын бул ырын Сүйүналиева жаттап алып өкүл балдарынын ар бир тоюнда айтып, жаштарга дем берчү. Бирок үлпөт тоюндагы бул ыр менен жолдошун жоктоп калам деп түк ойлогон эмес.

Бүгүн вице-премьер Темир Жумакадыровдун каза болгонуна туура бир жыл болду. 2017-жылы 7-октябрдын таңында Жумакадыровдун кызматтык унаасы КамАЗ менен сүзүшүп, жол тандабастын ичиндеги вице-премьер, анын жардамчысы жана айдоочусу каза болгон.

Маркумду эскерүү иретинде Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Таалайгүл Усенбаева анын жубайы Нора Сүйүналиева менен маек курду.

© Sputnik / Асель АкматалиеваНора Сүйүналиева: Темир ар дайым биздин жүрөгүбүздө. Ал балдарына ойдогудай ата болчу. Кыздарына жакын болгондуктан, балдар кыйналып, дагы эле сагынып жатышат.
Вдова погибшего в ДТП Темира Джумакадырова Нора Суюналиева - Sputnik Кыргызстан
Нора Сүйүналиева: Темир ар дайым биздин жүрөгүбүздө. Ал балдарына ойдогудай ата болчу. Кыздарына жакын болгондуктан, балдар кыйналып, дагы эле сагынып жатышат.

— Убакыт учкан куш экен, кырсыктан бери билинбей бир жыл өтүп кетиптир… Кыздарыңыз, өзүңүз кандайсыз?

— Темир ар дайым биздин жүрөгүбүздө. Ал балдарына ойдогудай ата болчу. Кыздарына жакын болгондуктан, балдар кыйналып, дагы эле сагынып жатышат. Алар атасы каза болгонун көпкө чейин билишкен жок. Анткени балдарга дароо эле "атаң жок" деп айтууну туура көргөн жокмун. Анын үстүнө бир айдай ооруканада жатып калып, жакындарыбыз "апасы өзү түшүндүрүп айтсын" деп мени күтүшүптүр.

Улуу кызым эле баарын башынан билет. Себеби бизге кабар угузганда ал жаныбызда болчу. Темирди акыркы сапарга узатуу учурунда да улуу кызым менин жанымда болуп "апа, атам бизди карап турат, биз күчтүү болушубуз керек" деп мага дем-күч берип турду. Кызымдын бой жетип, анын атасындай акылдуу экенин ошондо билдим. Кичүү эки кызыма болсо көпкө чейин айта албай жүрүп акыры даярданып "атаңар дайыма биз менен, коргоп турат, бирок биз аны көрө албайбыз" деп түшүндүрүп айткам.

Бирок бала деген баары бир бала да, сагынат экен, сурашат. Баарын туура түшүндүргөнгө аракет кылып жатам. Ошентсе да кээде берген суроолоруна жооп таба албай кыйналам. Бир күнү кичүү кызым "апа, эгер менде сыйкырчынын таягы болуп калса биринчи эле атам келсин деп айтмакмын, болбосо мени периштеге айлантып атама алып барчы деп айтмакмын" деди. Ишенесиздерби, ага эмне деп жооп беришти билбей коркуп кеттим. Ичимен сызып, кыздарыма көрүнбөй ыйлап алдым.

Азыр улуу кызым 13 жашта. Атасына аябай ынак эле. Өткөөл курагы башталып, кыялы чыкканда атасы сүйлөшүп, маселесин тез эле чечип койчу.

© Фото / из личного архива Норы СуюналиевойТемир Жумакадыров жубайы жана кыздары менен
Погибший в ДТП Темир Джумакадыров с семьей - Sputnik Кыргызстан
Темир Жумакадыров жубайы жана кыздары менен

— Акыркы жолу жолдошуңуз менен качан көрүшүп, эмне тууралуу сүйлөштүңөр эле?

— Темир президенттик шайлоо тынч өтүшү үчүн штабдын жетекчиси болуп дайындалды. Жумуштун алкагында ал аймактардын баарын кыдырып "Кыргызстан — бул Бишкек же биздин эле үйүбүз эмес" деп улуу кызыбыз Дарияны Нарын менен Ысык-Көлгө ала барган. Жер кыдыруу кызыбызга аябай жагып, Таласка да барам деп жүргөн. Бирок 6-октябрь күнү кечинде атасы "Төө-Ашууга кар жааптыр, жол кооптуу болуп калат го, албай эле коеюн" деп калды. Ошондо эле жүрөгү бир нерсени сезген окшойт… 7-октябрь таңда туруп алып адаттагыдай тамагын өзү эле ичип, анан менин бетимен өөп "жаным, бүгүн эле келгенге аракет кылам" деп чыгып кеткен. Бизде жекшемби кандай оор күн болбосун, үй-бүлө күнү деп белгилөө салтка айланып калган. Темир жумушу чачтан көп болуп, графиги канчалык жыш болбосун, дайыма бул күндү биз менен өткөрчү. Бирок жолдошум Төө-Ашууга жетпей эле кырсыктаптыр…

— Кабарды кимден, качан уктуңар?

— Ишемби эле, баарыбыз эс алып үйдө болчубуз. Көрсө, Темир таңда эле үзүлүп, жол кырсыгы тууралуу жаңылыкты телевизор, интернеттен бүт беришиптир. Мен болсо интернетте деле отурбайм, телевизор биздин үй-бүлө үчүн приоритет болбогондуктан аны эч ким деле көрчү эмес, үйдө телевизор да жок болчу. Ошентип кабарды биз 11ге чукул уктук. Эшик тыкылдап калды. Апам (кайненем) барып ачса эле өкмөт мүчөлөрү, Темирдин дос, кесиптештери чогулуп туруптур. Жүрөгүм шуу эле дей түштү. Биринчи эле алардан "тирүүбү" деп сурап, балдарды башка жакка алып кетишин сурандым. Достору башын чайкады. Ошол көз ирмем, ошол учур… баары көз алдымда… Ушундай кыйын учурда Темирди акыркы сапарга узатып, бардык жоопкерчиликти өз мойнуна алган өкмөткө, дос, тааныштарына ыраазычылык билдирем. Темир ошого татыктуу болчу… Жаңы үйгө көчүп келгенибизге бир эле жыл болгон…

© Фото / из личного архива Норы СуюналиевойСүйүналиева: 5-курста экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшө баштадык. Экөөбүз теңбиз. 24 жашыбызда баш коштук.
Погибший в ДТП Темир Джумакадыров с супругой Норой Суюналиевой - Sputnik Кыргызстан
Сүйүналиева: 5-курста экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшө баштадык. Экөөбүз теңбиз. 24 жашыбызда баш коштук.

— Ошол учурда жаңы үйүңөрдө жашап жаттыңар беле?

— Ооба. Темир экөөбүз баш кошкондон кийин 13 жыл батирлеп жүрдүк. Анан акыры мамлекеттик кызматкерлерге арзандатылып үй берилет дегенинен чыгынып ипотекага үй алганбыз. Экөөбүз тең аябай сүйүнүп августта ремонтун бүтүрүп, сентябрда той берели деп жатканбыз. Ал ортодо Темир жаңы кызматка дайындалып калып, "Нора, тойду шайлоо бүткөндөн кийин бербейлиби" деди. Анын үстүнө эмерек алып бүтө элек болчубуз. Үйдүн оокатын тандап жүргөндө Темир кубанып "Нора, мына кыялдарыбыз орундалды" деп айтканы эсимде. Бирок ал бактылуу күндөр минтип аз эле убакытка созуларын билсек кана… Ал үйгө жакшылык, тойго эмес, жакындарыбыз жолдошума куран окутуп келип калышты. Тааныштардын кээ бири "башка жакка көчүп кетпейсиңби" деп сунуштаган. Бирок мен макул болгон жокмун. Анткени бул үй Темирден бизге калган чоң эстелик. Анын ар бир оокатына Темирдин колу тийген, эмеректин баарын өзү тандап койдурган. Ошондуктан мен бул жерден эч жакка кетпейм деп айткам.

— Ошол үйдүн ипотекасынын карызын мурунку президент төлөп берди деп жаздык эле…

— Ишенесиздерби, биз башынан айлык маяна менен жашаган үй-бүлө болгондуктан, Темир каза болгондо үч бала менен жалгыз ипотекадан кантип кутулам деп коркком. Ошол учурда мурдагы президент Алмазбек Шаршенович бизге колдоо көрсөтүп үйдүн карызын толугу менен жаап берди. Ал үчүн ыраазымын. Темирдин тазалыгы, ишке болгон жоопкерчилиги, мамилесинен улам аны сыйлаган, барктаган киши көп экенин билдим. Жолдошум өлсө дагы "кыздарым, аялым көчөдө калбасын" деп бизди үйлүү кылып кетти. Ал мыкты ата, мыкты жубай, мыкты мамлекеттик кызматкер болчу…

© Фото / Илим КарыпбековНора Сүйүналиева: Темирди акыркы сапарга узатууну мойнуна алган досторуна, кесиптештерине ыраазымын
Вице-премьер-министр КР Темир Джумакадыров и глава КТРК Илим Карыпбеков - Sputnik Кыргызстан
Нора Сүйүналиева: Темирди акыркы сапарга узатууну мойнуна алган досторуна, кесиптештерине ыраазымын

— Темир Курмангазиевичти жоро-жолдош, кесиптештери аябай жөнөкөй болчу деп айтышат…

— Чындап эле өтө жөнөкөй, байлык, бийликке жанталашпаган адам эле. Элибизде "адамды байлык, бийлик берип сынап көр" деген сөз бар го. Темир андай сыноодон өткөн. Ал Коопсуздук кеңешинен тарта президенттин аппаратына чейин көтөрүлүп, вице-премьерликти аркалады. Бирок эч өзгөргөн жок. Үйдө да, досторунун арасында да ошондой эле тамашакөй, жөнөкөй болчу. Дайыма "байлык, бийлик табылат, башкысы өлкө үчүн чын жүрөктөн бир нерсе кылыш керек" деп көп айтчу. Темирдей адамдар, билбейм, менин көз карашымда саналуу болсо керек. Жолдошум экөөбүз тең тапкан акчабызды балдардын билиминен аячу эмеспиз. Бишкектин жакшы мектебине, жакшы бакчасына алып барып, аларга керектүү ийримдердин баарына катыштырганга аракет кылдык. Экөөбүздүн айлык акыбызды чогултуп алган кичинекей унаабыз бар болчу. Ошону менен эле жумуштарды бүтүрчүбүз.

— Бийликке келген адамдардын аялынан да көп нерсе көз каранды болот го…

— Бул жагынан Темир экөөбүз аябай окшошпуз. Жолдошум "мен бактылуумун, бул жашоодо кээ бири өз теңин таппай эле өтүп кетет, бирок мен өз теңимди тапкам" деп мага көп айтчу. Экөөбүздүн принциптерибиз, жашоого болгон көз карашыбыз окшош эле. Жумушка өз күчүбүз менен орношконбуз. Айлык акымды батирдин акысына төлөчүбүз. Мен үчүн маанилүүсү акча эмес, жолдошумдун, сүйүктүүмдүн жанымда колдоп турганы, балдарымдын амандыгы эле. Бирок 13 жылдан кийин үйлүү болгондо, албетте, кубангам.

© Фото / из личного архива Норы СуюналиевойСүйүналиева: Темир экөөбүз аябай окшошпуз. Принциптерибиз, көз караштарыбыз да бирдей эле...
Погибший в ДТП Темир Джумакадыров с супругой Норой Суюналиевой - Sputnik Кыргызстан
Сүйүналиева: Темир экөөбүз аябай окшошпуз. Принциптерибиз, көз караштарыбыз да бирдей эле...

— Жолдошуңуз экөөңөрдүн сүйүү баяныңарды кызыктуу деп уккан элек. Кайдан, кантип табышып калдыңар эле?

— 1996-жылы мектепти алтын медаль менен аяктап, жакшы окуу жайга тапшырууну максат кылдым. Ал кезде Улуттук университеттин эл аралык мамилелер факультети жаңы ачылып, ошол жакка тапшырууну эп көрдүм. Темир болсо Чолпон-Атадан бүтүп келип, ал да ошол факультетке тапшырыптыр. Баса, экөөбүз теңбиз. Анан август айында 1-курстар парта, стол жууганга келет эмеспи, ошол учурда Темир мени деканаттан чыгып келе жатканымды көрүп, жактырып калыптыр. Аны мага кийин айтып берген. Ошол бойдон жаныман чыкпай жүрдү. Башында "сизди узатып, жаныңызда жүрсөм болобу" деп сунуш киргизгенинен мен окуума карап макул болбой койгом. Бирок бир жерде окугандыктан ал дайыма жанымда болчу. Экөөбүз чогуу дебаттарга, иш-чараларга катышып, айтор, активдүү элек. Ошентип жүрүп 5-курста экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшө баштадык. Окууну кызыл диплом менен аяктадык. Темир Нарындын Кочкоруна иштегени кетип, мен Бишкекте калдым. Ал учур да өзүнчө романтика. Чөнтөк телефон жок, ал мага иш телефондон чалат, дем алыш сайын келчү. Ошентип сүйлөшүп жүрүп экөөбүз 24 жашыбызда баш кошконбуз.

— Сиз да кесибиңиз боюнча дипломат турбайсызбы анда?

— Ооба. Мен эл аралык уюмдарда, бейөкмөт уюмдарда көп иштедим. Азыркы учурда гендердик маселе боюнча серепчимин.

— Ата-энелериңер тууралуу да айтып бересизби?

— Атам, апам (кайната, кайненеси — ред.) аябай жакшы кишилер, мамилебиз жакшы, неберелери жайкысын Көлгө барып турат, алар кээде биздикине келет. Темирдин атасы өмүр бою Чолпон-Атадагы резиденцияда башкы бухгалтер болуп иштеген, апасы да ошол райондо бухгалтер болуп эмгектениптир. Темир үйдүн улуусу болгондуктан ини-карындаштарына баш-көз эле. Баарын окууга өткөрүп, дайыма колдоп турчу. Бирок ал ата-энесинин жумушуна байланыштуу чоң ата, чоң апасынын колунда чоңоюптур. Кайнатамдын жүрөгү ооругандыктан Темир тирүү кезинде ооруканага жатып калды. Дарыгерлер бир процедурасын жасоо үчүн жүрөктү жасалма түрдө токтотуп коюшкан. Ошондо Темир отуруп алып "атам ойгонбой, чын эле жүрөгү токтоп калса эмне болот" деп ыйлаганы көз алдымда. Бирок өзү атасынан биринчи кетип калды… Ата-эне үчүн баласын жоготуудан өткөн азап жок болсо керек. Азыр алар кичүү уулунун колунда.

Менин болсо каным аралаш. Атам кыргыз, апамдын канында да эки улуттун каны бар. Атам эрте эле каза болуп калган. Апам болсо кыргыз телевидениесинде өмүр бою режиссер болуп иштеп, Ошто телевидение түптөгөндөрдүн бири.

© Фото / из личного архива Норы СуюналиевойТемир Жумакадыров кыздарына аябай жакын болчу
Погибший в ДТП Темир Джумакадыров с дочерьми - Sputnik Кыргызстан
Темир Жумакадыров кыздарына аябай жакын болчу

— Сиз шаарда чоңойсоңуз, Көлгө келин болуп барганда кыйналган эмес белеңиз?

— Шаарда төрөлүп-өсүп айылга бир-эки күн да жашап көргөн эмесмин да. Айылда чынында жашоо кыйын экенин көрдүм. Үйдө ал кезде суу чыкпайт, суу ташыйсың. Өзүмдүн апам болсо "акылдуу адам баарын өзү үйрөнүп алат" деп билим алуума басым жасап, тамак жасаганды үйрөткөн эмес. Келин болуп барганда бир-эки кишиге эмес, чоң казанга тамак жасоого туура келди. Чынын айтсам, аябай кыйналдым. Бирок жолдошум, кайненем жардам берип баарын тез эле өздөштүрүп кеткем.

— Жол кырсыгына себепкер болгон КамАЗдын айдоочусунун жакын туугандары силерден кечирим сурап келиштиби?

— Мен аларды көргөн жокмун, ата-энебиздин алдынан өтүп кечирим сурап келишиптир. Бирок биздин тарап аларды кабыл алган жок. Туура түшүнөт деп ойлойм.

— Каргашалуу күнү Темир Курмангазиевич менен кошо жардамчы, айдоочусу да каза болду. Алардын үй-бүлө, жакындары менен азыр катышып турасыңарбы?

— Нурлан да, Нурбек да Темирдин эң жакын адамдары болчу. Темир "айдоочум же жардамчым" деп алардын кызматына карап бөлчү эмес, бул балдар биздин досторубуз эле. Жардамчысы Нурлан өз күчү менен бутуна туруп, ишкерликти баштаган. Мындай карасаң ал мамлекеттик кызматка деле муктаж эмес эле. Бирок ал Темирге аябай ишенгендиктен "кандай болсо да сиз менен чогуу иштешем" деп дайыма жанында жүрчү. Артында жубайы жана 1-класста окуган баласы калды. Бир кезде күйүткө батып, ичимдеги букту эч кимге айта албай жүргөндө ошол Нурландын келинчеги менен эмнегедир жолуккум келди. Анткени Нурлан экөө да аябай сүйүшүп үйлөнгөнүн уккам. Жолуктук, сүйлөштүк, кадимкидей эс алып калдым. Көрсө Айша дагы мени менен жолуккусу келип жүрүптүр. Күйөөлөрүбүз тирүү кезде кездешкен деле эмеспиз. Күйүт, сагыныч Айша экөөбүздү жакын кылып койду. Азыр мамилебиз аябай жакшы, жолугуп турабыз. Нурбектин болсо бир тууганы, апасы менен жакшы мамиледемин. Ал дагы аябай жөнөкөй жакшы бала эле.

— Жолдошуңуздун туулган күнүндө "Сүйүктүүңөрдөн ажырабагыла!" деген видео жарыялап, көпчүлүктүн жашыттыңыз эле. Анын тарых-таржымалына да токтолуп кетсеңиз.

— Темир экөөбүздүн үлпөт тоюбузда байкем ушул ыр саптарын бизге арнап айткан болчу. Мага абдан жагып калгандыктан аны дароо жаттап алгам. Кийин өкүл кыз, өкүл балалуу болгондо аларга дайыма ушул ырды айтып, эстафета сыяктуу өткөрүп берчүмүн. Бирок аны менен сүйүктүүмдү жоктоп калам деп түк ойлогон эмесмин.

2018-жыл, Темирдин туулган күнү жакындап калды. Бул күн жакындаган сайын аны кантип өткөрүштү билбей кыжаалат боло баштадым. Ыйладым, жоктодум, анан ушул ырды видео түрүндө коомчулукка жарыялоону эп көрдүм. Анын үстүнө гендердик маселе боюнча иштегендиктен түгөйлөргө, сүйүшкөндөргө ушул ырды жеткиргим келди. "Болоор-болбос нерсе үчүн урушуп-талашып, көңүл калтырышпай жашагыла" деген нерсени айткым келди. Негизи бизде көбү сезимдерин ачык айтпайт, эркектер болсо "билесиң да жакшы көрөрүмдү" деп коюшу мүмкүн. Бирок антип айтуунун эмне кереги бар. "Мен сени сүйөм" деген сөздү айтуудан тажабаш керек. Биздин үй-бүлөдө балдардын баарын жаңы тили чыкканда "ата, апа" анан "мен сени жакшы көрөм" деген сөздү үйрөткөнбүз. Темир да мага күндө, саат сайын "мен сени сүйөм, жаным" деп жазып турчу. Бул уят эмес, бул нормалдуу эле нерсе. Сезимдерди жашырып качан айтасыз, аны аял болобу, эркек болобу күтүп, ойлонбош керек. Ушунун баарын мен видео, ыр аркылуу бергим келди.

Видеоролик чыккандан кийин мага көп кыз-келиндерден каттар түштү. Ошолордун ичинен бирөө "Нора, мен чынын айтсам күйөөмдү жакшы көрбөйм, белгилүү бир себептер менен эле жашап жүрөм. Сиз болсо сүйүктүүңүз менен аз болсо болсо да саз жашап, сүйүүнүн даамын татып жашаптырсыз" деп жазып жибериптир. Алардын арасында "күйөөмө көрсөттүм, видеодон кийин экинчи урушпайбыз деп экөөбүз бири-бирибизге сөз бердик" деп да жазгандар болду.

— Жолдошуңуздун атынан ачылган "Pro Lex" фонду тууралуу да айтып кетесизби? Негизи максаты кандай?

— Бул фонд кокустан эле ачылып калган жок. Темир көзү тирүүсүндө ойлогон ой-максаттары өтө көп болчу. Жолдошум "бизде акылдуу, таланттуу жаштар көп, бирок аларга туура анализ жүргүзүп, жыйынтык чыгарганды үйрөтүш керек" деп айтчу. Өзү күчтүү аналитик эле. Бул боюнча көптөгөн эл аралык тренингдерге катышып жүрдү. Мамлекеттик кызматкерлер алдыга кетүү үчүн потенциалы жетпей жатканын айтып, аларды окутуп, үйрөтүү керек деп да көп айтаар эле. Экөөбүздүн кесибибиз бир, көз карашыбыз окшош болгондуктан үйдө дагы ушул маселе боюнча көп сүйлөшчүбүз. Ушунун баарын ойлонуп туруп фонд ачууга белсендим. Темирдин идеясын ишке ашырып, фонд инновациялык идеяларды чыгарган жер болсун дедим. Фонддун биринчи максаты — коррупцияны жеңүү боюнча акылдуу жаштарды тарбиялап өстүрүү болсо, экинчиси — мамлекетке ар кандай программаларды иштеп чыгууга жардам берүү. Учурда ПРООН жана ЖКККББ менен жол коопсуздугун сактоо максатында "Жол эрежесин сактайм" деген акцияны баштадык.

© Sputnik / Асель АкматалиеваСүйүналиева: Темир жаштарга үлгү боло турган заманбап баатыр десем жаңылышпайм. Анын кылган иштерин кийинки муун биле жүрүшү үчүн Улуттук университеттин алдындагы жаштар аллеясына Темирдин аты берилсеби дегем.
Вдова погибшего в ДТП Темира Джумакадырова Нора Суюналиева - Sputnik Кыргызстан
Сүйүналиева: Темир жаштарга үлгү боло турган заманбап баатыр десем жаңылышпайм. Анын кылган иштерин кийинки муун биле жүрүшү үчүн Улуттук университеттин алдындагы жаштар аллеясына Темирдин аты берилсеби дегем.

— Алдыда дагы кандай ой-тилектериңиз бар?

— Темир жаштарга үлгү боло турган заманбап баатыр десем жаңылышпайм. Анын кылган иштерин кийинки муун биле жүрүшү үчүн Улуттук университеттин алдындагы жаштар аллеясына Темирдин аты берилсеби дегем. Ошондой эле жаштарга заманбап баатырлардын институтун куруу керек деп ойлойм.

— Өзүңүздү жалгыз сезгенде эмне менен алаксытасыз?

— Мен көбүнчө жакшы ойлорду ойлоп, жалгыз музыка укканда эс алып калам. Кыздарым бар, алар — менин жашоом. "Атабыздын туулган күнүн кантип белгилейм" деп сарсанаа болуп жатсам, алар бат эле бир нерсе уюштура калып маанайымды көтөрүштү. Улуу кызым атасына аябай окшош, акылдуу. Дайыма мени "апа, атам биздин бактылуу болгонубузду гана көрүш керек" деп сооротуп турат. Азыр ортончу кызымды музыкалык мектепке бергем. Кичүүсү бакчага барат. Аларга татыктуу тарбия берип, дайым жанында болууга аракет кылып жатам.

Жаңылыктар түрмөгү
0