БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев учурда Нарын жергесинде Кичи жана Улуу Памирден келген 49 этникалык кыргыз жашап жатканын парламенттин жалпы жыйынында айтты.
Учурда депутаттар ар түрдүү маселелерди карап бүттү.
Темирбаевдин айтымында, 49 этникалык кыргыздын 30у орто билим берүү мекемелеринде окуп жатат.
"Мыйзам чегинде 14 балага жөлөк пул чектелген. Алар такай медициналык кароодон өтүп турат. Мекендештерди жайгаштыруу, үй-тиричилигине керектүү буюмдар менен камсыздоо максатында өкмөт тарабынан 2 миллион 875 миң 900 сом бөлүнгөн. Миграция кызматы 2017-жылы 8-ноябрда 33 этникалык кыргызга кайрылман күбөлүгү тапшырды", — деди Темирбаев.
Ал эми 6-июлда 18 киши жайкы каникулга карата Бишкектен Памирди көздөй сапар алышкан. Алардын арасында бир нече үй-бүлө жана 6 жашка чейинки эки кичинекей бөбөк бар болчу.