БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Кытайдын өрт өчүрүүчүлөрү калк арасында суицидге каршы күрөшүүнүн өзгөчө, ошол эле учурда жөнөкөй ыкмасын ойлоп табышты. Өз жанын кыюуга аракет кылгандарды куткаруу учуру тартылган видеону People's Daily China басылмасынын Twitter баракчасына жарыяланды.
WATCH: Firefighters use a powerful fire hose to push a suicidal woman who was attempting to jump out a window back inside her apartment in Wenzhou, E China's Zhejiang province pic.twitter.com/yJuNmoe2kB
— People's Daily,China (@PDChina) 28 сентября 2018 г.
Маалыматка караганда мурдараак өрт өчүрүүчүлөр көп кабаттуу үйдүн терезесинен секирем деп жаткан кыздын окуясына күбө болушкан. Анда алар кызга карай катуу басым менен суу чачып аны терезеден үйгө киргизишкен.
Кыздардын өз жанын кыюусуна көпчүлүк учурда билим алуунун түмөн түйшүгү жана эрте турмушка чыгууга мажбурлоо себеп болору белгиленет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун акыркы маалыматы боюнча жер жүзүндө катталган суициддин 26 пайызы Кытайда болот.