Боронов Бишкек ТЭЦте курулуп жаткан химиялык тазалоо цехин көрүп чыкты. Сүрөт
Боронов Бишкек ТЭЦте курулуп жаткан химиялык тазалоо цехин көрүп чыкты. Сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Кубатбек Боронов жаңы химиялык суу тазалоо цехинин курулушу жыйынтыкталган соң комиссиялык кабыл алуу жүргүзүлүшү керектигин белгиледи. 21.09.2018, Sputnik Кыргызстан
Кубатбек Боронов жаңы химиялык суу тазалоо цехинин курулушу жыйынтыкталган соң комиссиялык кабыл алуу жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек жылуулук электр борборунун жаңы химиялык суу тазалоо цехинин курулушунун жүрүшү менен таанышуу үчүн барды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Анда ишкананын директору Андрей Воропаев станцияга отундун ташылышы, жылытуу мезгилине карата жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берген.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек жылуулук электр борборунун жаңы химиялык суу тазалоо цехинин курулушунун жүрүшү менен таанышуу үчүн барды.
Анда ишкананын директору Андрей Воропаев станцияга отундун ташылышы, келерки жылытуу мезгилине карата жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берген.

Мындан сырткары, ал жаңы химиялык суу тазалоо цехинин курулушу жыйынтыкталган соң комиссиялык кабыл алуу жүргүзүлүшү керектигин белгилеген.
"Учурда турбиналык жана буу казандар цехин жылуулоо жана айнек салуу иштери аткарылууда, көзөмөлдөөчү-ченөөчү жабдуулардын алынып келиниши күтүлүүдө, негизги жана көмөкчү жабдуулардын ремонту графикке ылайык жүрүүдө" — деп айткан директор.
Ошондой эле Боронов кыдыруу учурунда көмүр кампасынын курулушу, турбиналык жана буу казандар цехинин иши менен таанышканы айтылат.
"Биринчи вице-премьер жылуулук жана жылуу суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн бардык оңдоо иштерин өз учурунда жана сапаттуу аткаруу боюнча жыйынтыктоочу чараларды кабыл алуунун маанилүүлүгүн белгиледи жана оңдоо иштерин кечиктирбей бүтүрүүнү тапшырды", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, ал жаңы химиялык суу тазалоо цехинин курулушу жыйынтыкталган соң комиссиялык кабыл алуу жүргүзүлүшү керектигин белгилеген.