Бишкек ТЭЦине дагы 1,2 млн. доллар жумшалат. Акча эмнеге кетет?

Жазылуу
Эгерде бул акчаны улуттук валютага которсок, 81 миллион 849,6 миң сом болот.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. "Электр станциялары" ишканасы мамлекеттик сатып алуу порталына 1,19 миллион долларлык оңдоп-түзөө иштери боюнча тендер жарыялады. 

Акционердик коомдун маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева бул маалыматты тастыктады.

"Мөөнөтү 40 жыл болуп кеткен кабелдик линияларды алмаштырып жана оңдоп-түзөө керек. Андан сырткары, жылуулук борбордогу жаңы коммутациялык жабдууларды курап чыгуу зарылдыгы турат", — деди Айдаралиева.

Бишкек ТЭЦи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Беш ТЭЦке жетмек! 13 жылда мамлекеттик карызды төлөөгө канча сом кеткен
Эгерде бул акчаны улуттук валютага которсок, 81 миллион 849,6 миң сом болот. Адис учурда күз-кыш мезгилине карата пландалган түрдө даярдык жүрүп, бардык иштер график менен өтүп жаткандыгын кошумчалады.

Эскерте кетсек, 386 миллион доллар сарпталып реконструкцияланган ТЭЦте 2018-жылдын 26-январында авария болуп, шаар тургундары кыйынчылыкка кабылган. Беш күндөн кийин калыбына келтирилип, кырсык бир топ чыгымга учураткан. Андан кийин териштирүү иштери башталып, жоопкер аткаминерлер камакка алынган

Жаңылыктар түрмөгү
0