БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Белоруссиянын Кыргызстандагы тунгуч элчиси Сергей Руцкий көз жумгандыгын дипломатиялык өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Руцкий 1-августта Мински шаарында каза тапкан.
Ал Белоруссиянын Кыргызстанда тунгуч элчиси болгон.
“Сергей Руцкий бир топ жооптуу кызматтарды аркалап, өзүнүн милдетин билимин, күчүн жумшап мыкты аткарып келди”, — деп айтылат маалыматта.
Ал 1992-1993-жылдары Белоруссиянын Министрлер советинин Кыргызстандагы туруктуу өкүлү, ал эми 1993-1995-жылдары аталган өлкөнүн КРдеги элчиси болгон.
Элчи белгилүү ырчы, Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти Юлия Руцкаянын атасы.