00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Медиация как способ не доводить дело до суда. Как это работает в КР?
08:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
5 мин
Будь в курсе
Кыргызстан ожидает маловодье: что происходит с климатом и как управлять водой?
10:05
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Зергерлик тармакты жөнгө салуу: жеке ишкерлер үчүн жаңы талаптар
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
13:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Физиотерапия простыми словами: польза, риски и мифы - — беседа со специалистом
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Наполеоновские» планы на науку и инфраструктуру — ректор о развитии КРСУ
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Тарыхтын көмүскөсүндө калган Ташбек датка
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Тамакка тоюп алып сүзбөйт! Сууга түшүү учурунда 10 "болбойт"

© Sputnik / Табылды КадырбековКөлгө түшүп жаткан адамдар. Архив
Көлгө түшүп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда элдин көбү Ысык-Көлдү көздөй агылып, калгандары калаа четиндеги көлдөрдө, бассейндерде эс алып жүргөн кездери. Бирок сууга түшүүдө да этияттабаса, кырсык каш-кабактын ортосунда эмеспи, көз ачып жумгуча суу адамдын өмүрүн алып коюшу ыктымал.

ӨКМдин берген маалыматына ылайык, жыл башынан бери өлкөдө 80 адам сууга чөгүп каза болуптур.

Кырсыктарды алдын алуу максатында Sputnik Кыргызстан агенттигине ӨКМдин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын башчысы Мелис Назарбеков сууга түшүүдө эске алчу эрежелерди айтып берди.

Жаш балдарды кароосуз калтырбайт. Балдарды сууга түшүрүүдө алардын жанында көз салган ата-энеси же чоңураактар сөзсүз болушу керек. Суу жээгинде ойноп отурган бөбөктү да улам карап турбаса, көз ачып жумгуча аны таппай калышыңыз мүмкүн.

Турсунбеков Эгизбаев сууга түшкөн видеодон эмнени көргөнүн айтып берди. Видео - Sputnik Кыргызстан
Турсунбеков Эгизбаевдин сууга түшкөн маалын камера жазып калганын айтып берди. Видео
Алыс жакка жалгыз сүзүп барбайт.  Эрдемсинген айрым адамдар дардаңдап жалгыз алыска сүзүп кетет. Бул учурда кырсык болуп кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Тайыз жакка сүзгүсү келбей, анчалык эле кызыгып  бара жатса, жанына куткаруучу болбосо да жакшыраак сүзгөн шерик жандап алганы жакшы. "Сактыкта кордук жок" деген жакшы сөз бар.

Белгиленген чектен ашпайт. Куткаруучулар тарабынан коюлган атайын чектен ашып кетпеш керек. Белгиден өтүп кеткен адамдын өмүрүнө эч ким жоопкер эмес.  Чоңдорго 1,5 – 2 метрден терең жерге барууга тыюу салынат. Атайын белгилер – буйлар бар. Бирок айрым эс алуучулар алардан деле  өтүп кетип же минип алып ойногон учурлар кездешет.  Жыйынтыгы жаман болуп калышы ыктымал.

Суу жутпайт. Суу жутуп алган учурда адам дем ала албай чөгүп кетүүсү мүмкүн. Ошондой эле сүзүүгө да дарманы келбей калат. Ошондуктан суу астында сүзгөндө оозду бекем жабууну унутпаңыз.

Көпүрөдөн, тосмодон, кайыктан башы менен тик ылдый сууга секирбейт. Көлдүн  түбү кандай экенин билбеген, тааныш эмес жерлерден да абайлабаса, баш-көз жарылып жаракат алып калуу толук мүмкүн. Көл жээгиндеги пирстен секирүүдө дагы этият болуңуз.

Өсүмдүктөр жыш өскөн жерге түшпөйт. Суу алдына мындай  чөп-чарлуу жерден да абайлабаса, бутка илинип же оролуп калса адам чыга албай калышы мүмкүн.

Бала көтөргөн келин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жылкы менен эчкинин этин жебейт! Жаңы төрөгөн келинге карата 8 "болбойт"
"Жинди суудан" жутуп алып, сууга түшкөнгө таптакыр тыюу салынат. Анткени мас адам алыс кетип, сүзө албай калат. Акыркы учурда ичип алып чөгүп кеткен фактылар көп каттала баштады. Ошондой эле жүрөгү ооруган же ооруканадан жаңы эле чыккан адамдар да жакшы болгуча сууга түшпөй эле турганы оң.

Тамакка тоюп алып сууга түшпөйт. Жок дегенде 1-2 саат күтүп туруу керек.  Анткени сууга түшүп жатканда адамдын организминде өзгөчө курсак тушта кан айлануу ылдамдайт. Ич түйүлүп, сиңирүү системасына терс таасирин берет.

Моторлуу кайыктан оюн салганга болбойт. Айрым учурда жаш балдар өтүп бара жаткан катерден бири-бирине секирет. Бул да өтө кооптуу көрүнүш. Скутерлерди да 12 жаштан өйдө балдарга гана өз алдынча башкарууга жол берилет. Ошондой эле ал адамдардан алыс жүрүшү керек.

"Сууга чөктүм" деп тамашалап кыйкырбайт. Жакындарыңды минтип коркутпаш керек. Анткени кийичерээк кокустан чындап чөгүп жатсаңыз,  сизге эч ким ишенбей, маани бербей коюшу мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0