Жаңы төрөгөн келинге карата колдонгон элдик ырым-жырымдарды жана тыюуларды Sputnik Кыргызстан агенттигине Ат-Башы районунун тургуну, мугалим Жумабүбү Океева айтып берди. Бул, албетте, дарыгердин кеңеши эмес, бирок элдик каада да жөн жерден чыкпаса керек.
Оор көтөрбөйт. Толгоо учурунда аялдын бели-башы бошоп калат. Эгер оор көтөрсө бели жакшы бекибей, кийин оорукчан болуп калышы ыктымал.
Жылкынын, эчкинин этин жебейт. Бул малдын шорпосун да жаңы көз жарган келинге ичиришкен эмес. Себеби жел же суук болот деп коет. Ошондой эле жаңы төрөп келгенде кымыз, бозо, жарма сыяктуу кычкыл суусундуктарды да ичүүдөн абайлаш керек.
Башка бирөөнүн тамагынан үмүт кылбайт. Эмизип жаткан келин кокус башка бирөөнүн тамагынан үмүт кылып, андан ооз тийбей калса эмчеги шишип кетиши мүмкүн дешкен. Мындайга кабылган келинди баягы тамактын ээси үйүнө чакырып, ошол тамакты жасап "ушул элеби сага" деп андан берип ырымдап койгон.
Айды каратып эмизбейт. Эмчек чочуп калат деп коет. Мындан улам жаңы төрөгөн, эмизген келин караңгыда сыртка чыкпай, ымыркайынын да кийимдерин караңгыга калтырбашы керек делет.
Туздуу тамак жебейт. Себеби, ысык келет. Андан сырткары, сууктап кетпеш үчүн көз жарган келинге көбүнчө жаңы шорпо ичиришет. Бул өтө маанилүү, азыр да көңүл бура турган нерсе. Койдун аркасы менен кар жилигинин эти жеңил болот деп тамакты көбүнчө ушулардан жасап беришкен. Баланын мойну эрте токтосун деп малдын мойнун бышырып жаңы төрөгөн келинге мүлжүтүп, омуртпай туруп аны атайын жыгачка же темирге сайып коюшкан.
Күйөөсү менен кошулбайт. Бул медицинада да каралган. Бирок кыргызда аталган тыюу илгертеден эле калыптанып калган.