Гүлжигит Сатыбеков 1980-жылы 9-январда Жалал-Абад облусундагы Аксы районуна караштуу Мукур айылында туулган.
Билими:
2001 — Ош облусундагы Дене тарбия институтун аяктаган. Кийинчерээк юридикалык багытта билим алган.
Чыгармачылыгы:
2006-жылы чоң сахнага аттанган.
Ырларынын сөзү, обону өзүнө таандык. Коомчулукка "Коштошуу", "Лейлектик кызга", "Тико", "А балким", "Мен сенден кетейинчи" ырлары менен таанымал;
2017 — КРдин Эмгек сиңирген артисти;
Атасы салык кызматкери, апасы мугалим. Алты бир туугандын экинчиси.