Юсуп Уметалиев канча кишине операция жасаганын деле так билбейт. Бирок 15 миңден ашык адамдын тагдырын чечкен. Анын наамдарын да атап чыкканча бир канча убакыт өтөт — Эл аралык илимдер академиясынын академиги, Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери, профессор, Улуттук хирургия борборунун хирургу.
Уметалиев өз өмүрүн тобокелге салып, эч нерседен коркпой кооптуу аймактарга барганын эстебей кетсе болбос.
— Мындан 30 жыл мурда сиз Армениянын Спитак аймагында болгон катуу жер титирөөдөн кудайдын парманы менен аман калгандарды куткаруу үчүн баргансыз. Анда зилзала 25 миңдей кишинин өмүрүн алган. Ошол учур эсиңиздеби?
— Аскер учагы менен Ереванга алып келишти. Анын ичине тирүү калгандар баш калкаласын деп боз үйдү дагы жүктөштү.
Ошол көргөндөрүм көз алдыман кетпейт. Шаардын орду урандыга айланыптыр. Жугуштуу оорулар жайылбасын деп болгон жерге акиташ төгүлгөн. Ураган ар бир үйдүн алдында түрдүү көлөмдөгү табыттардын турганы жүрөктүн үшүн алды. Куткаруучулар сөөктү табары менен аны табытка салып дароо көрүстөнгө жөнөтүп жатты.
Биз үчүн деле эч кандай шарт каралган эмес эле. Ачык асман алдына шырдак салык уктадык. Эртең менен турсак кар жааптыр. Декабрь болчу да. Анан бизге боз үй тигип беришти.
— Иш көп болсо керек да?
— Ооба. Бизге негизинен сөөгү сынып, олуттуу күйүк алгандар кайрылып жатты. Анткени кыш болгон соң, үйлөрдү ысык суу менен жылытылат эмеспи. Жер силкингенде куурлар жарылып, кайнак суу атылган.
Кээ бирлери "Доктор, эмнеге кесем деп жатасыңар? Бутум ордунда, мына кыймылдап жатат!" деп жини келгендер болду. Буттун же колдун эттери жарабай калганын, эгер бир чара көрбөсө бөйрөк иштебей, киши өлүп каларын түшүндүрүүгө туура келди.
Ошол учурларда операция жасай албай калып жаттым… Столго беш жаштардагы баланы жаткырышты. Колун кесиш керек эле, бирок даай алган жокмун. Чыгып кеттим. Италиядан келген кесиптешим операция жасады.
Биз иштеп жатканда деле жер силкинип жатты. Момунда окуя болуп жатса, ага деле маани бербей калат экенсиң. Кырсык бардыгыбызды бир муштумдай бириктирди, улут, дин деген бөлүнүү болгон жок.
— Кыргызстанда да күтүлбөгөн кырсыктар болгон учурда четте карап турган жоксуз. 2010-жылдын 7-апрелинде операция бөлмөсүнөн чыкканга эптеп үлгүрүп жаттыңыз.
— Ал күнү үйдө болчумун. Агайым Асанбек Сыдыгалиев телефон чалганда анын киргилденген үнүн уктум. "Бул жак түшүнүксүз бир нерсе болуп жатат. Ишке дароо чык" — деди ал.
Келдим, саат түшкү үчтөрдө жаракат алып кайрылгандардын саны кескин көбөйдү. Бир нерсени айтайын, балким ал адаттан тыш бир нерсе болуп сезилиши ыктымал. Кимдин жашап кеткенге такыр эле шансы жок экенин убагында байкаш керек эле. Түшүнүп жатасызбы? Сактап калганга болбойт, үмүтү жок болгон жарадардан көрө, тезирээк аракет кылсам жашап кетет деген 2-3 кишини куткарып калган жакшы да.
Үзүлбөгөн кезек башталды. Операциядан киши чыга электе, экинчисин алып келип жатышты. Аны дароо операция кыласың. Кайда качат элең?
Бир суткада 157 кишиге операция жасадык. Эң жагымсыз учурлар таңга жуук башталды. Анткени маркумдардын сөөгүн коёрго жер таппай калдык. Алар коридордо жатышты. Карасаң жапжаш балдар! Чыдай албайсың…
Эртең менен маркумдардын ата-энеси, туугандары келип өз кишилерин жаткан сөөктөрдүн арасынан издей башташты. Оорукананын ичин сасык жыт заматта каптап кетти.
— 2010-жылы июнь коогалаңыда Ошко баргандан корккон жоксузбу? Анткени улуттар аралык жаңжалда дарыгерлер деле жабыркап калышы ыктымал эле?
— Кантип барбай коём, мен профессор, тажрыйбалуу хирургмун да. Туулган жеримде ушундай болуп жатса четте кантип карап турам?!
Коркон жокмун деп айта албайм. Ошко кечинде учуп келдик. Дарыгерлерди автобуска салып, терезеге жакын келбегиле деп эскертишти. Алдыда жана артта БТРлер бара жатты. Алар автобусту башкалар атып салбасын деп фаранын жарыгын тоо тарапты көздөй каратышты. Ошентсе да жолдон бизге ок атылды.
Шаарга киргенде көргөн көзүмө ишенген жокмун: бардыгы жаман кинодогудай болуп күйүп жатыптыр. Өзгөчө "Туркестан" кафеси жалындайт. Анын жанына 100 метр дагы жакын жолой албайсың.
Облустук ооруканага келдик. Операциядан чыккан учурда үйлөрдүн чатырларына ок тийип жатканын угуп турдук. Алгачкы күндөрү окторду чогултуп, кийин тажап кеттик. Анткени кадам сайын кезигет, жерде жайнап жатат.
— Көп иштегенге туура келсе керек?
— Ооба. Тилекке каршы, улуттар ортосундагы жаңжал кишилерди кара мүртөз кылып салат экен. Курал бардыгында болгон жок. Айрымдары союлдун учуна мыкты сайып алып мушташып жүрүштү. Анын айынан коркунучтуу жаракат алгандар түшүп жатты.
Бир нерсе түбөлүк эсимде калды. Коридордо аял турган. Каткырып күлүп, төрт жашар кызын колуна алып силкилдетип жатат. Бала канга боёлгон. Дарыгерлер колунан баланы акырын алышты. Аны тезинен операция кылайын дегем бирок өлүп калыптыр. Ок тийген окшойт…
Ошол маалда атасы келип калды. Көрсө, ал 60 жаштагы кишинин жалгыз баласы экен. Башын дубалга койгулап, "Муну жөн калтырбайм, ушул бойдон таштап койбойм!" деп кыйкырып да, ыйлап да жатты. Аны тегеректеп алып жооткотконго аракет кылып жаттык. Андан башка эмне кылмак элек?
— Улуттар аралык жаңжал сизге дагы сүйкөнүп өткөн жокпу?
— Жок. Ушул жерден бир нерсени айтып коeюн, ошондо ооруканада тамак-аш жок болчу. Тегеректе эл атышып жатса, ооруканага ким азык-түлүк ташымак эле? Жергиликтүү тургундар, кыргыз, өзбегине карабай тамак алып келип жатышты. Дарыгерлер дагы, оорулуулар дагы ошолорду жедик.
Иранда жүргөндө Хусейн имам каза болуп, жергиликтүү тургундар үч күн аза күткөнүн көрдүм. Кедей-кембагал жашаган адамдар өздөрүн чынжыр менен сабап, өз баштарын жарган учурлар болду. Билимдүү, бай жашагандары бул нерсеге жөн гана четтен көз салып турушту. Оштогу окуя учурунда башы жарылып жаткан ошол байкуштардын жүздөрү көз алдымда турду.
— Иранда кандайча иштеп калдыңыз эле?
— Ал жакка мамлекеттер аралык келишимдин негизинде 2002-жылы баргам. Горган деген 250 миң киши жашаган шаарда жалгыз хирург жана гинеколог болчумун.
— Гинеколог?! Ирандык аялдар ал жагынан эркек дарыгерге көрүнбөсө керек деп ойлочумун.
— Жок, андай эмес. Чет элдик эркек гинеколог болгону мыйзам ченемдүү көрүнүш. Аялдар дарыгери катары жумушум абдан көп болчу. Кээде аялдардын жатын түтүкчөлөрүн буудуруп салуу үчүн автобустап алып келишчү. Бул Ирандын улуттук программасы эле. Анткени ал жакта ар бир аялдын 10-15тен балдары бар. Айрымдары тыным албай төрөй берип, жатындары ылдыйлап, түшүп кетчү.
Иранда дагы бир чоң көйгөй бар эле. Бир жолу жаш келин кан кетип, өлүм алдында келди. Текшерип көрсөк, түйүлдүк жатын моюнчасына бүтүп калыптыр. Дароо операция кылып, аялдын өмүрүн сактап калдык деп сүйүнүп атсак, менеджер "күйөөсүнүн уруксаты жок эмнеге операция кылдыңар?" деп көзүн алайтып кирип келди. Көрсө, аял өлүп баратса дагы операция жасатуу боюнча чечимди бир гана күйөөсү кабыл алат экен.
— Ал жакта медицинанын абалы жалпысынан кандай экен?
— Бир мисал менен айтып берейин. Ооруканага мотоцикл уруп кеткен кызды алып келишти. Анын өпкөсүнүн бир жагы менен көк боорун алып салууга туура келди. Жеңил операция эмес, бирок аны Кыргызстандын врачтарынын 70 пайызы жасай алмак. Ооруканаларында бизге чейин жалаң тажрыйбасы жок жаш врачтар иштеген ирандыктан үчүн бул жомоктогудай окуя болду. Жадакалса кыргыз өкмөтүнө ыраазычылык кат жолдошкон.
— Жергиликтүү тургундар менен пикир келишпестиктер болгон жокпу?
— Жо-ок! Ал жакта хирургдарды ушунчалык сыйлайт десеңиз, көчөдө кетип бара жатсаң, карыялар дагы башын көтөрбөй турушат. Базардан бир нерсе сатып алсаң, сумкаңды үйгө чейин бирөө жеткирип барат. Мен тургай менин балдарыма дагы оор нерсе көтөртүшчү эмес. Кетип жатканда бизди шаар толугу менен узатышты. Колумду өпкөндөрүн көрүп ыйлап ийе жаздагам.
— Өмүрүн сактай албай калган биринчи оорулууңуз эсиңизде барбы?
— 1977-жыл болчу. Ооруканага жүрөгү менен курсагына ок жеген киши түштү. Анда окуп жүргөн кез эле, ушундай оорулуулар келет деп элес албаптырбыз. Ооруканада ИИМ кызматкерлери толо келип, аткан кишини эки саатын ичинде табышкан.
Биз жанталашып операция кылып бүтөрүбүз менен жабырлануучу үзүлүп кетти. Абдан көп кан жоготуп койгон экен.
Ойлоп көрсөм ошол убакта бардыгы жөнөкөй жана оңой болгон экен. Кан керек болсо, кан борборуна телефон чалып койсоң эле калашыңча алып келип беришчү. Бир дагы советтик дарыгер оорулуунун жакынан дары сатып кел деп жиберчү эмес. Бардыгын мамлекет камсыздачу. Азыр анын бири калбады.
— Азыр кыргызстандык дарыгерлер жакшы дарылай албайт деп даттангандар көп. Мындай сынга кандай жооп кылар элеңиз?
— Студенттер үчүн ординатуранын мөөнөтүн узартып, 4 жылга чейин созуп койду. Сиздин оюңузча бул нерсе жыйынтыгын береби?
— Мен Медакадемияда иштейм. Бизге кандай гана программалар кирген жок? Бирөөнү башташат дагы орто жерде каржылоо жок болуп, кайра жаңысы башталат. Менимче совет системасыныкынан жакшы ыкма табыла элек. Илгери студенттер ординатурадан кийин кадимкидей өз алдынча иштеп кетишчү. Азыр айрымдары скальпель кармай албайт. Чын эле айтып жатам. Эгер студенттин таланты болбосо 10 жыл окуса дагы жыйынтык чыкпайт. Анүстүнө тилекке каршы, азыркы жаштарда умтулуу жок. Бирок аларды дагы түшүнсө болот. Жаш дарыгерлер 6-7 миң сом айлык алышат. Бул акчага ким берилип иштейт? Балдарың акча отурса, жумушка көңүлүң келмек беле?
Дарыгерлик оңой жумуш эмес, аны үйрөнүү үчүн көптөгөн жылдар керек. Мисалы, мен үй-бүлөлүк жашоомдун алгачкы 10 жылында дээрлик үй көргөн жокмун. Ооруканада нөөмөттө турчубуз. Мына биз ушинтип адамдарга жардам бергибиз келчү…