Учурда Улуттук хирургия борборунун ашказан жана он эки эли ичеги оорулары бөлүмүн жетектейт.
Болот Иманов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек куруп, хирургдардын жашоосу, иш тажрыйбасындагы өксүгөн, сүйүнгөн, таң калган учурлары тууралуу айтып берди.
Дарыгерликке түрткү берген апа, Иса Ахунбаевдин өлүмү…
Бала кезимде апамдын колу-буту ооруп, тегеректеп эле жүрчүбүз. Ошондо дарыгер болом деп максат койдум. Дагы бир себеби, дарыгер Асан Жайлообаев биздин айылдан. Ал келгенде жердештер кадырлап тосуп алчу. 10-класста окуп жүргөндө белгилүү хирург Иса Ахунбаев автокырсыктан каза тапты. Бул окуя ого бетер түрткү берип, медициналык институтка тапшырып калдым. Чолпон-Атадагы бейтапканада үч жыл мед ага катары эмгектендим. Келгендин баарын үзгүлтүксүз кабыл ала берчүмүн. Кесиптештер "Боке, өзүң тейлей бер" дешчү.
Хирургияда оору даана аныкталып, бейтаптар так дарыланып чыгат. Терапевт адистериндей өнөкөт оорулар менен алектенбейбиз. Хирургия мага ушунусу менен жакты.
Клиникалык ординатураны хирург Мамбет Мамакеевдин кафедрасынан өттүм. 24 жашымда ашзказан жана ок эки эли ичеги бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалдым. 16 жыл устатым Мамакеевдин жардамчысы болдум. Ал киши хирургиянын сырларын гана эмес, адамга кандай мамиле кылышты да үйрөттү.
Совет убагындагы студенттик күндөр, изденүү, билим
Биздин убакта студенттер кесипке абдан кызыкчу. Ачыгын айтсам, азыр жаш адистерге ишене бербейм. Биз ординатураны акысыз окучубуз, тескерисинче, бизге мамлекет төлөп берчү. Эсимде бейтапканада үйрөнөм деп кечке жүрө берчүмүн. Дарыгерлер "үйүңө барбайсыңбы" деп урушчу. Үйгө барганда адамдын органдарын элестетип дорожкаларды кескилеп, колумду көндүрчүмүн. Жубайым абдан түшүнүктүү чыгып, ишиме колдоо көрсөттү.
Оорулууларга шыпаа болгон жана таң калган учур
Мен Орто Азияда биринчи жолу уйку безинин дартын хирургиялык жол менен дарылоону изилдеп, диссертация жактагам. 1996-жылы бул илдеттин өлүм көрсөткүчү 60-70 пайыз эле. Устатым Мамбет Мамакеев "Болот муну менен күрөшүүнү колго албасаң болбойт" деди. Күн-түн дебей отуруп үч жыл убактыбызды сарптадык. 2000-жылдары өлүм көрсөткүчү 18,2 пайызга түштү. Андан кийин республиканын бардык аймактарында менин ыкмамды колдоно башташты. Учурда каза болгондордун саны 7 пайызды гана түзөт.
Адатта ичегилер буралып калат. Бир ирет бизге келген бейтаптын ашказаны буралып калыптыр. Башында ичин бөлөк диагноз менен ачканбыз. Ден соолугун калыбына келтиргенден кийин маалымат булактарынан издештирсек мындай диагноз менен операцияны дүйнө жүзүндө 501-болуп биз жасаптырбыз. Бул Кыргызстанда биринчи жолу жасалган операция болгон.
Көзгө жаш алганда…
Тажрыйбамда 10 миңден ашык операция жасадым. Жумуш учурунда өмүрүн сактай албай, ажал тапкан бейтаптар болбой койбойт экен. Жаш жигит алвеококкоз оорусу менен келди. Башка бейтапканаларга барса жасай албайбыз деп чыгарып берип коюшуптур. Туугандары "сизге ишенебиз, бир нерсе болсо жоопкер болбойсуз" деп суранышты. Операция убагында бейтаптын ири кан тамыры жарылып кетти, Кучактап ыйлап, кечирим сурагам…
Борбордо болгон окуя. Жаш балдар ортосу оюлуп калган чоң терезеден ары-бери секирип ойношот. Бирөөсү аларды туурайм деп атып ичи менен сайылып калыптыр. Баладан көп кан кетип калды. Сактай алган жокпуз. Мөлтүрөгөн жапжаш бала экен. Бөлүмдөгү дарыгердин баары ыйладык.
Тизелеп акча сунган бейтаптын окуясы
Илгери бейтаптар дарыгерлерди кудайындай көрчү. Кой союп эле келе беришчү. Бир жолу Тоңдон келген чабандын аялына операция жасап, ал ийгиликтүү өттү. Чабан кабинетиме келип "муну алып коюңуз" десе чочуп кетипмин. Ал кезде акча алуу деген жок болчу да. Ишенесизби, албайм десем "сизге ыраазымын" деп тизелеп акчасын сунду. Он баласы бар экен деди. Колундагы 100 рублдин 10нун ырым катары алып, калганын "балдарга таттуу алып бер" деп жолго салдым.
Өзүм жумшак адаммын. Бейтаптар же алардын туугандары менен катуу айтышып, жаман көрүнгөн күндөрүм болгон эмес. Устатым Мамакеев "сени сөксө, ичиңен сөгүп, сыртыңан жылмайып кой" деп айтат.