Исмаил агамды алып кеткен ажалга эки ооз кебим бар...

© Sputnik / Табылды КадырбековЖурналист редакции Sputnik Кыргызстан Исмаил Мамытов
Журналист редакции Sputnik Кыргызстан Исмаил Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кесиптешим, агам Исмаил Мамытов акка моюн сунду. Аны бизден айрыган ажалга эки ооз кебим бар...

Менин жанымда отурчу ара чолодо башыбызды көтөрө калып, ар нерсени айтып акылдашып калчубуз. Эч жаны тынчу эмес. Биз бир жумушта иштегенибизге сүйүнүп жүрсөк, ал эки-үч жакта иштегенге үлгүрчү. "Муну окууга киргизиш керек, тиги экзаменден өтпөй калыптыр" деп кайгырып аларга көмөктөшөр эле.

Журналист редакции Sputnik Кыргызстан Исмаил Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Жаштыкка, ишке, сүйүүгө тойбой турган Исмаил. Эми сени ирмемдерден издейбиз
Алгач аны тааныбасам да, телефон номерин тааныштарымдан алып сүйлөшүп Sputnik Кыргызстан агенттигине келсем, тосуп алып редакторго өз инисиндей тааныштырды. Иштеп баштаганда жол көрсөтүп, акылын айтып насаатчым болду. Ошондо анын жардамы болбогондо бул жакта иштей албасам керек. Бирөөгө жаман ою жок, дайым жакшы иштерге кол сунуп турчу. Жаштыктын үлгүсүн көрсөткөн мыкты инсан эле. Анын жаркылдаган жүзү, сыпайылыгы азыр да көз алдымда турат. Ишенүү кыйын… Аттиң, ушуну жазбай калсам кандай жакшы болмок. 

Ажал айттырбай келип, эч ким менен акылдашпайт тура. Ажал — улук, өлүм — ак экенине моюн суналы десек да күлгүндөй курагында о дүйнөгө алып кеткениң ичимди ачыштырып, жүрөгүмдү сыздатты. Жаштын өлүмү ачуу болот экен. Эмнеге адам деген атты бийик алып жүргөн агамдан айланып өтпөй жабышып алдың?! Артында калгандарды аяп койсоң болот эле го… Уулун тартып алсаң улгайган ата-энеси кең дүйнөгө батпай кан жутуп калат деп ойлободуңбу?! "Таянар тоом, ишенер өбөгүм, Исмаил" деп, эми келининин ысык чайын ичип, неберелүү болобуз деп отурушпады беле. Жаңы эле көшөгөсүн көгөртүп, мөлтүрөп отурган келинчегине эмнеге бооруң оорубады? Канаты кайрылып боздоп калат дебедиңби?.. Экөөнүн беш жыл сүйлөшүп жүргөн күндөрүн жетет деген болсоң, жок дегенде ак никелүү жубайынын жанында жашатып "туягымды улаар тулпарым" деп жүрчү өз канынан жаралган перзентинин жытын жыттатып койсоң болот эле го… Күн сымал жарыгын чачып турган ага-ини, дос, тууган, кесиптештери ал жөнүндө айтпайт дедиңби? Эми ошол жарыкты каяктан издейбиз?.. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкөөбүз ушул жерде баш көтөрө калып акылдашып, ал мындай иш жасаптыр, тиги бул жакта жүрөт экен деп кобурашып отурчу эмес белек…
Журналист редакции Sputnik Кыргызстан Исмаил Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Экөөбүз ушул жерде баш көтөрө калып акылдашып, ал мындай иш жасаптыр, тиги бул жакта жүрөт экен деп кобурашып отурчу эмес белек…

Эч кимге билгизбей аны шаштыра берген окшойсуң… Ошон үчүн ал Sputnik агенттигинде журналист, Мамлекеттик юридкалык академияда мугалим, той-мааракелерде тамада болуп жаны тынбай жүрдү беле? Диплом алдым деп отуруп калбай магистратураны да аяктап, борбор калаадан өзүнө үй алып, сүйүктүүсүнө ак жоолук салынтып астанасына киргизгенде кылаар ишиң ушул болдубу? "Баарын бүтүп ал" деп акмалап турдуң беле?.. Андай болсо сенден өткөн таш боор жок го… Айтчы?! Эми ошол жасаган эмгектеринин кимге кереги бар? Эккен багынын мөмөсүн өзү жеп, тоодой бакытка бөлөнө турган убагы келгенде эмнеге шаштың?

Кош, Исма! Жайдары мүнөз кесиптешибиздин кадрда калган элеси - Sputnik Кыргызстан
Кош, Исма! Жайдары мүнөз кесиптешибиздин кадрда калган элеси
Азыр сол тарабымды карасам отургучу менен компьютери ээсин жоктоп бош турат. Экөөбүз ушул жерде баш көтөрө калып акылдашып, ал мындай иш жасаптыр, тиги бул жакта жүрөт экен деп кобурашып, тамаша сөздөрдү айтып каткырчу эмес белек… Бир жетишкендигимди айтсам "сенден үмүт чоң, дагы аракет кыла бер" деп шыктандырып, бир жерде туруп калбай ар тараптуу болууга үйрөтчү эмес беле… Соңку ирет "эки кыйындын ортосуна отуруп калыпмын. Ушул үкөлөрүмдөн үмүт чоң. Буюрса келечекте "дүң" боло турчу журналисттер" деп Асел экөөбүздү эркелеттиңиз эле. Мага кесиптеш эле эмес ага болдуңуз. Адамдар менен бат тил табышып мамиле куруп алчу элеңиз. Эмнеге ары сүйрөп бараткан ажалды ымга келтирип токтотуп кала албадыңыз же өзүңүз жалган дүйнөнүн пенделеринен көңүлүз калып тиги дүйнөнү туура деп таптыңызбы? Жок… Андай болушу мүмкүн эмес.

Ажал, агама аккан оорусун жабыштырып, жоон ичегисин жаралап коюп карап тура бердиңби? Эмнеге муну өзүнө эртерээк билгизген жоксуң?! Анын жашоо үчүн күрөшүүгө күчү да, дарамети да жетет болчу. Ансыз деле айланабызда жакшы адамдар азайып баратканда, ак ниет агамды алып кеттиң. Жаратканга да жакшы адамдар керек болдубу?

Исмаил аке, 25 жашыңызда сүрөтүңүз рамкага салынып, бурчуна кара лента тартылып калат деп эч ойлогон эмесмин. Баягы жаркылдап турган жүзүңүздү эстеген сайын көзгө жаш тегеренет. Азыр да карааныңызды издеп балким түш көрүп жатам, көзүмдү ачарым менен жарк этип жанымда отуруп калабы деп үмүтүмдү үзбөй турам. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков25 жашыңызда сүрөтүңүз рамкага салынып, бурчуна кара лента тартылып калат деп эч ойлогон эмесмин
Память о журналисте Исмаиле Мамытове - Sputnik Кыргызстан
25 жашыңызда сүрөтүңүз рамкага салынып, бурчуна кара лента тартылып калат деп эч ойлогон эмесмин

Акыркы жолу көрүшкөндө экөөбүз тең эмгек өргүүгө кетип баратып кол алыштык эле. Ошондогу кол алышуу — түбөлүк коштошуу экенин ким билиптир… Жумуштан чыгып баратып селфи жасап, аны баракчаңызга жүктөп "аман тургула алтындарым, буюрса жакшылыктан көрүшкөнчө" деп жазгансыз. Жакшылыгыңыз өттү, биз аман турдук, бирок сиз аман-эсен кайра кайтып келген жоксуз. Кетип бараткандагы жылмаюуңуз кана?..

Суук кабарга азыркыга чейин ишенгим келбейт. Сизди кайсы бир жерден капа кылган болсом кечириңиз! "Кош!" деп айтууга оозум барбайт. Билем, азыр бизди жогору жактан карап тургандырсыз. Ыйманыңыз саламат болсун!

Жаңылыктар түрмөгү
0