Жаштыкка, ишке, сүйүүгө тойбой турган Исмаил. Эми сени ирмемдерден издейбиз

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу орду толгус жоготууга учурады. Кырчындай 25 жаш курактагы кесиптешибиз Исмаил Мамытов дүйнө жаңыртып кете берди. Анын сөөгү бүгүн кичи мекени Аксынын Мукур айылында жерге берилди.

Кош, Исма! Жайдары мүнөз кесиптешибиздин кадрда калган элеси - Sputnik Кыргызстан
Кош, Исма! Жайдары мүнөз кесиптешибиздин кадрда калган элеси
Баягы жайдары мүнөз кесиптешибизди эми сүрөт, видеодон гана көрө алабыз. Бирок ал ичинде кири жок, кең пейил, ак ниет инсан катары жүрөгүбүздө сакталып калат. Ажалды чакырган дарт сага жармашпаганда, орчундуу макалаларды жазып, радиодон үнүң жаңырып замандаштарыңды кубандырып турмаксың. Сен — адамдык бийик сапатты же болбосо жаштардын үлгүсүн көрсөткөн бычакка сап уул болдуң.

Исмаил, 29-июнь күнү жумуштан эмгек өргүү алып үлпөт тоюн өткөрөм деп кеткен. Ошондо кесиптештери менен сүрөткө түшүп "Аман тургула алтындарым, буюрса жакшылыктан көрүшкөнчө" деп жазган экен. Ошол жакшылыгыңды көрдүк эле. Бирок сен аман турбадың…

© Sputnik / Табылды Кадырбеков19-июль күнү редакциябызга суук кабар келип, жайдары мүнөз кесиптешибиз Исмаил Мамытовдон айрылганыбызды уктук.
Журналист редакции Sputnik Кыргызстан Исмаил Мамытов - Sputnik Кыргызстан
1/16
19-июль күнү редакциябызга суук кабар келип, жайдары мүнөз кесиптешибиз Исмаил Мамытовдон айрылганыбызды уктук.
© Sputnik / Табылды КадырбековКесиптешибиз жумушка так, тырышчаак, аракетчил, бирөө менен жаман-жакшы айтышпаган, эч кимден жардамын аябаган, оор басырыктуу, орду менен сүйлөгөн инсан эле.
Журналист редакции Sputnik Кыргызстан Исмаил Мамытов - Sputnik Кыргызстан
2/16
Кесиптешибиз жумушка так, тырышчаак, аракетчил, бирөө менен жаман-жакшы айтышпаган, эч кимден жардамын аябаган, оор басырыктуу, орду менен сүйлөгөн инсан эле.
© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунда 2016-жылдын март айынан бери иштеп келген.
Редакция Sputnik Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
3/16
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунда 2016-жылдын март айынан бери иштеп келген.
© Sputnik / Табылды КадырбековУбакытка сараң болучу. Күн эмес ар бир саатты алтындай кастарлачу.
Журналист редакции Sputnik Кыргызстан Исмаил Мамытов - Sputnik Кыргызстан
4/16
Убакытка сараң болучу. Күн эмес ар бир саатты алтындай кастарлачу.
© Sputnik / Табылды КадырбековОозунан кеби төгүлгөн, оюн так-так айткан шар жигит эле.
Журналист редакции Sputnik Кыргызстан Исмаил Мамытов - Sputnik Кыргызстан
5/16
Оозунан кеби төгүлгөн, оюн так-так айткан шар жигит эле.
© Sputnik / Табылды КадырбековКеңседе кесиптештердин туулган күнүн куттуктап жатканда, шакылдап сүйлөгөндө каалоосун угуп, араң үлгүрчүбүз.
Журналист редакции Sputnik Кыргызстан Исмаил Мамытов - Sputnik Кыргызстан
6/16
Кеңседе кесиптештердин туулган күнүн куттуктап жатканда, шакылдап сүйлөгөндө каалоосун угуп, араң үлгүрчүбүз.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖаны тынчу эмес. Биз бир жумушта иштегенибизге сүйүнүп жүрсөк, ал эки-үч жакта иштегенге үлгүрчү.
Журналист редакции Sputnik Кыргызстан Исмаил Мамытов - Sputnik Кыргызстан
7/16
Жаны тынчу эмес. Биз бир жумушта иштегенибизге сүйүнүп жүрсөк, ал эки-үч жакта иштегенге үлгүрчү.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖыл жыйынтыктап жатып ошондогу Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен болгон эфирин өзгөчө белгилеген. "КСДПдан президенттикке ким барары белгисиз болуп, бул маселе баарын кызыктырып жатканда ал шайлоого барып калышы мүмкүндүгүн айтты. Бул жаңылык коомчулукту эле эмес, Ак үйдөгүлөрдү дагы таң калтырды" деп жасаган ишине кубанган.
Журналист редакции Sputnik Кыргызстан Исмаил Мамытов - Sputnik Кыргызстан
8/16
Жыл жыйынтыктап жатып ошондогу Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен болгон эфирин өзгөчө белгилеген. "КСДПдан президенттикке ким барары белгисиз болуп, бул маселе баарын кызыктырып жатканда ал шайлоого барып калышы мүмкүндүгүн айтты. Бул жаңылык коомчулукту эле эмес, Ак үйдөгүлөрдү дагы таң калтырды" деп жасаган ишине кубанган.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖооптуу редактор Канышай Бешбаева менен ынак мамиледе болчу. "Канышай эже, Канышай эже" деп айланчыктап тураар эле. Оор көтөрүп келе жатса колунан алганга шашчу.
Журналист редакции Sputnik Кыргызстан Исмаил Мамытов - Sputnik Кыргызстан
9/16
Жооптуу редактор Канышай Бешбаева менен ынак мамиледе болчу. "Канышай эже, Канышай эже" деп айланчыктап тураар эле. Оор көтөрүп келе жатса колунан алганга шашчу.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Раске, Раске" деп Расул Үсөналиевге өзгөчө жакын эле. Башкаларга айтпаган сырын ага айтчу.
Журналист редакции Sputnik Кыргызстан Исмаил Мамытов - Sputnik Кыргызстан
10/16
"Раске, Раске" деп Расул Үсөналиевге өзгөчө жакын эле. Башкаларга айтпаган сырын ага айтчу.
© Sputnik / Жоомарт УраимовАрабызда жаркылдап жүрүп эле дүйнө жаңыртып кетээриңди ким билиптир.
Журналист редакции Sputnik Кыргызстан Исмаил Мамытов - Sputnik Кыргызстан
11/16
Арабызда жаркылдап жүрүп эле дүйнө жаңыртып кетээриңди ким билиптир.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Сүрөткө түшөөр алдында күрмөсүн кийип, чачтарын түздөп радиостудиянын фонуна койкоюп туруп калчу. Муну көргөн сайын жылмайып койчумун", деп фотограф Табылды Кадырбеков эскерди.
Журналист редакции Sputnik Кыргызстан Исмаил Мамытов - Sputnik Кыргызстан
12/16
"Сүрөткө түшөөр алдында күрмөсүн кийип, чачтарын түздөп радиостудиянын фонуна койкоюп туруп калчу. Муну көргөн сайын жылмайып койчумун", деп фотограф Табылды Кадырбеков эскерди.
© Sputnik / Табылды КадырбековТапан жигит болгондуктан кээде тегерек стол, маалымат жыйындарга модератор кылып койчубуз.
Журналист редакции Sputnik Кыргызстан Исмаил Мамытов - Sputnik Кыргызстан
13/16
Тапан жигит болгондуктан кээде тегерек стол, маалымат жыйындарга модератор кылып койчубуз.
© Sputnik / Табылды КадырбековЫраазы болсо эки алаканын бириктирип, төшүнө алып келип, башын ийип, "рахмат" деп саал жылмайып коер эле…
Журналист редакции Sputnik Кыргызстан Исмаил Мамытов - Sputnik Кыргызстан
14/16
Ыраазы болсо эки алаканын бириктирип, төшүнө алып келип, башын ийип, "рахмат" деп саал жылмайып коер эле…
© Sputnik / Табылды Кадырбеков12-июль күнү арзышып жүргөн кызына баш кошуп, үлтөп тоюн өткөрүп элден бата алган.
Журналист редакции Sputnik Кыргызстан Исмаил Мамытов - Sputnik Кыргызстан
15/16
12-июль күнү арзышып жүргөн кызына баш кошуп, үлтөп тоюн өткөрүп элден бата алган.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖаркын элесиң түбөлүк эсибизде калат. Жаткан жериң жайлуу болсун!
Журналист редакции Sputnik Кыргызстан Исмаил Мамытов - Sputnik Кыргызстан
16/16
Жаркын элесиң түбөлүк эсибизде калат. Жаткан жериң жайлуу болсун!
Жаңылыктар түрмөгү
0