БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө "Тескей Жээк" деп аталган этнофестиваль өткөрүлөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Маалыматка ылайык, маданий иш-чара 15-июль күнү Ысык-Көл облусунун Тоң айылында уюштурулат. Анда спортчулар салбуурун, жаа атуу, көк бөрү, кыз куумай боюнча мелдештерде күч сынашат. Андан сырткары, кол өнөрчүлөрдүн мастер-классы, улуттук тамак-аш, кийим-кече жарманкеси болот.
Жергиликтүү тургундардын демилгеси менен өтчү фестиваль кыргыз элинин маданиятын, көчмөндөрдүн үрп-адатын жайылтууга багытталган.