БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Борбор калаанын айрым аймагында 29-июнга чейин жаратылыш газын берүү токтотулду. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Газ бүгүн, 20-июнда, "Чыгыш-5" кичирайонунда, Садовое, Мыкан, Лебединовка, Аламүдүн айылдарында, Лермонтов, ЧЧК, Пионер, Гагарин көчөлөрүндө өчүрүлдү.
Маалыматка караганда, жаратылыш газынын өчүрүлүшүнө пландалган оңдоо иштери себепкер болууда.