БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. 200 миң доллар пара алып жатып кармалган Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоолорду колдоо жана соттогу өкүлчүлүгү боюнча башкармалыгынын жетекчиси Улан Чалбаевге дарыгерлер "мээдеги кан айлануунун бузулушу" деген диагноз коюшту. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Жылдыз Айгерчинова билдирди.
Анын айтымында, аткаминер №1 ооруканага Тез жардам менен келип түшкөн.
"Жаранды ооруканага "инсульт" деген шек менен алып келишкен. Бирок текшерүү учурунда андай нерсе байкалган эмес. Дарыгерлердин айтымында, ага "мээдеги кан айлануунун бузулушу" деген диагноз коюлду. Учурда стационардык дарылануудан өтүп жатат", — деди Айгерчинова.
"Бейтаптын кан басымы жогорулап кеткендиктен мээдеги кан айлануу бузулган. Бирок бул кыска мөөнөттүк эле көрүнүш. Бейтап анализдерди тапшырган. Учурда абалы стабилдүү. Эртең ооруканадан чыгып калышы толук ыктымал", — деди Оморов.
Эске салсак, Чалбаев 16-апрелде УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн болчу.