БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Борбор калаада сакура багы гүлдөдү. Бул тууралуу "Зеленхоз" муниципалдык ишканасы кабарлады.
Эске салсак, япондордун багы былтыр май айында "Жомок" фонтанынын жанына отургузулган.
Сакура — бул жапайы алча. Ал япон элинин улуттук символу болуп эсептелет.
Калаа тургундары бактын ажайып гүлдөп жатканын Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүн кесилишинен байкай алышат.