Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Айылдагы сүмөлөктүн шаңы башкача эле...

© Sputnik / Табылды КадырбековСелкинчек ойноп жаткан жаштар. Архив
Селкинчек ойноп жаткан жаштар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, замандаш! Майрамдык маанай жакшыбы?

Эртең өлкөдө улустун улуу күнү белгиленет. Айылда жүргөндө жазды өзгөчө даярдык менен тосуп алчубуз. Алгач кар кетип, жерге көк чыкканда эл ортодон акча чогултуп мал союп түлөө өткөрөбүз. Аны биз жакта "Эл кудай" деп аташат. Баарыбыз айылдын ортосундагы көк жайыкка барып отурабыз. Үйүнөн төшөк, дасторконун, иш-аягын көтөрүп барасың. Ар бир үй-бүлө май токоч жасап барат. Ал жакта палоо басылып, эт, шорпо бышырылат. Эгер кимдир-бирөө барбай калса ага атап эт, шорпо, палоо салып беришет. Ошол жерде кимдин үйүндө сүмөлөк кайнатыла турганын аныктоо үчүн чек ташталат. Арадан эки жума өткөндөн кийин жанагы кишинин үйүнө сүмөлөк кайнатканы чогулабыз. Аялдар күндүз баарын даярдап чыгышат. Жөн эле отура бербей ыр кесе да уюштуруп, айтор, күндү шатыра-шатман өткөрүшөт. Анан кеч киргенде жаш балдар, эркек кишилер барат. Казанды тегерете кезек күтүп сүмөлөк аралаштырасың. Анткени сүмөлөк аралаштырып жатып айткан тилектериң орундалат деп ишендиришкен. Мындан сырткары, оюндар уюштурулуп, музыка коюлуп дискотека да болот. Ошентип түнкү саат экилерде сүмөлөк жабылат да үйлөрүбүзгө тарайбыз. Кайра таң атпай чака көтөрүп сүмөлөк алганы барасың. Мисалы 40 үй-бүлө чогулуп жасаган болсо, айылдын улуу байбичеси баарына тегиз бөлүп салып берет. Болжол менен ар бир үйгө беш литрден тийчү. Айтор, айылдагы сүмөлөктүн шаңы башкача.

Бүгүн да жер-жерлерде сүмөлөк кайнатуу иш-чаралары башталды. Андыктан барып быйылкы жылдын эсебинен сүмөлөк аралаштырып, ооз тийип келиңиз. Эртеңки Нооруз майрамыңыздар кут болсун!

Майрамды кантип өткөрүүнү же сүмөлөктү кайдан табарыңызды билбей жатсаңыз сиз үчүн Бишкекте өтчү иш-чаралардын тизмесин түздүк.

Мындан сырткары, "Аккула" ат майданында ат оюндары өткөрүлөт. Көк бөрүнүн финалына чыккан "Достук" менен "Ынтымак" командалардын кармашы бүйүр кызытары күтүлүүдө.

Баса, Нооруз майрамынан улам Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү бир нече көчө жабыларын унутпаңыз.

Баткак кечкен моделдер, таштанды тазалаган секелектер. Узаган жумада социалдык тармактан орун алган кызыктуу сүрөт, видеолор топтомун сунуштайбыз.

Болбосо, дүйнө чөлкөмүндөгү кызыктуу ирмемдерди көрсөңүздөр болот. Окуялардын баары сүрөттөрдө баяндалат.

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүMercedes-Benz Fashion Week Russia. День третий
Mercedes-Benz Fashion Week Russia. День третий - Sputnik Кыргызстан
Mercedes-Benz Fashion Week Russia. День третий

Бул да аз десеңиз, жаш сүрөтчү Айдана Иманкулованын советтик элеттик кыздын азыркы кымгуут заманда, учурдагы Бишкекке келгени сырттан караганда кандай көрүнөт эле деген темадагы долбоорун тартуулайбыз.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.14 (сатып алуу) жана 68.36 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.80 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 44.50 сом, ал эми дизель майы 42.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Майрам көңүлдүү өтсүн!

Амандыгыңызды тилеп, Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0