Нооруз күнү жабыла турган көчөлөр. Карта

© Sputnik / Табылды КадырбековЖолду жаап турган милиция кызматкерлери. Архив
Жолду жаап турган милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эртең менентен баштап түнгө чейин борбор калаанын айрым көчөлөрү жабык болот

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Нооруз майрамынан улам 21-март күнү Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү бир нече көчө жабыларын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Саат 6.00дөн 22.00гө чейин төмөнкү көчөлөр унаа кыймылы үчүн жабык болот:

— Чүй проспектиси, Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдого чейинки бөлүгү;
— Панфилов, Логвиненко көчөлөрү менен Эркиндик проспектиси, Чүйдөн Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
— Абдымомунов көчөсү, Эркиндик проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейин;
— Панфилов, Орозбеков жана Раззаков көчөлөрү, Абдымомуновдон Фрунзеге чейинки бөлүгү.

Маал-маалы менен Киев, Фрунзе, Иманалиев (Гагаринден Лев Толстойго чейин) көчөлөрү жабылып турат.

,

Жаңылыктар түрмөгү
0