БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Кыргызстанда Россиянын президентин шайлоо үчүн алты шайлоо участкасы ачылды.
Бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 8.00дөн кечки 20.00гө чейин россиялыктар шайлоо участкаларына келип добуштарын бере алышат.
Жарандар жанына жалпы жарандык (чет өлкөдө колдонулуучу) жана россиялык паспортторун алуулары керек.
Шайлоо участкалары төмөнкү даректерде жайгашкан:
— Бишкек, Россиянын КРдеги элчилиги (Манас проспектиси, 55);
— Ош, Россиянын башкы консулдугу (Бобулов, 77);
— Кант, №20022 аскер бөлүгү;
— Кара-Балта, Ленин көчөсү, 2;
— Каракол, №87366 аскер бөлүгү;
— Чолпон-Ата, Совет көчөсү, 92.
Россиянын Президенттигине сегиз адам талапкерлигин койгон: Сергей Бабурин, Павел Грудинин, Владимир Жириновский, Владимир Путин (өлкөнүн учурдагы президенти), Ксения Собчак, Максим Сурайкин, Борис Титов жана Григорий Явлинский.