БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Чүй жана Бишкек шаарындагы имамдар "Интернеттеги коркунучтардын алдын алуу" боюнча атайын окуудан өткөнүн муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
Имамдар балдарды кантип социалдык тармактагы азгырыктардан сактоого болорун, интернетттеги вирустардын пайда болуусу жана интернетти туура пайдалануунун жол жоболору боюнча кеңири маалымат алышты.
"Муну менен катар "Баланы кантип интернеттеги азгырыктардан сактоого болот" деген темада кызуу талкуу жүрүп, Kaspersky лабороториясынын коммерциялык директору атайын көзөмөл программасынын негизинде балдардын кайсы жерде жүргөнүн, интернеттен кайсы булактарга кирип жатканын көзөмөлдөөгө болорун айтты", — деп жазылат маалыматта.
Ал эми Axoft фирмасынын директору Санат Гапуров интернеттин жашы жете электерге тийгизген терс таасири тууралуу кенен түшүндүрүп берген.