Күн жылыйбы? Дем алыш күндөрү күтүлгөн аба ырайы

Жазылуу
Кыргызгидромет ишемби, жекшемби күндөрө өлкө аймагындагы кандай аба ырайы болорун маалымдады

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Ишемби күнү, 3-мартта, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй менен Талас облусунда түнкүсүн 6 градуска чейин суук болсо, күндүз 10 градуска чейин жогорулайт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түңкүсүн 1 градус сууктан 4 градуска чейин жылуу болсо, күндүз күндүн табы 11 градуска чейин көтөрүлөт.

Ысык-Көлдө түндө 6 градуска чейин суук болсо, күндүз 5 градуска чейин жылыйт.

Нарында сууктун күчү түнкүсүн 13, күндүз 5 градуска чейин жетет.

Эртеси, 4-мартта, түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жана Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир тоолуу райондордо жаан-чачын болот. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Облустар боюнча алып караганда абанын температурасы олуттуу өзгөрбөйт.

Жаздын биринчи майрамы болгон 8-мартта аба ырайы кандай болот?

Жаңылыктар түрмөгү
0