Врач-психотерапевт Гүлүмкан Жоробекова терең кайгыга чөмүлүү өз жанын кыюуга себеп болорун айтып берди.
"Бизге кайгыдан өз алдынча кутула албай калганына көзү жеткенде кайрылышат. Аял-эркектердин кимиси бул кеселге жакын экенин айтыш кыйын. Маселен, азыр эркектердин да, аялдардын да палаталарында орун жок. Эгер бейтаптардын санын жалпылап алсак, аялдар басымдуулук кылат. Тагдырлары ар кыл, айрымдары дарыгер катары бизди да ойго салат. Мисалы, бир кишинин перзенти өз өмүрүнө кол салыптыр", — деди ал.
Бул бөлүмдүн далистери, чоң бөлмөсү толо киши. Чакан маегибиз маалында эле ага дарылоого кабыл алуусун өтүнүп үч киши кайрылды. Бир гана айым ооруканадан чыгуу үчүн баш бакты.
Бул ооруканада акча төлөнүүчү, акысыз да бөлмөлөр бар, төлөм суткасына 190 сомду түзөт. Адатта бейтаптар маек курууну каалай беришпейт, көбү ачыкка чыгуудан чочулашат…
Дагы кол салышат, эч ким мага жардам бере албайт деп корктум
…Былтыр май айында мага бирөөлөр кол салгандан бери көйгөйлөргө кабыла баштадым. Кадимки эле көп күндүн бири болчу. Калаанын ортосундагы мага жакка кафеге түштөнүүгө бараткам. Шаардын чок ортосу, айланада дайым милиция кызматкерлери жүрөт. Бирок алардын жүргөнүнөн эмне пайда?..
Мени жыга чапкан кишинин караанын гана эстейм, бою эки метр болгон соот киши болучу. Менден эмне алгысы келгенин деле түшүнбөдүм… Себепсиз эле бир жаагымды жара чапты да, кансыраган боюнча калтырып кетти. Өтүп бараткандардын эч бири жардамга келген жок. Токмоктолгон боюнча күнгө какталып жаттым, эмне болуп кеткенин да дароо аңдай албадым.
…Машинем турат, телефон жанымда, болгону капчыгымды алышыптыр. Эптеп аялыма чалдым. Мени көрүп алып, анын үрөйү учту. Дарыгерлер жаагым талкаланып, мээм чайкалган дешти. Ал окуядан кийин кол салуу боюнча милицияга арыз менен кайрылдым. Кафенин камералары бардыгын, алар аркылуу мага кол салгандарды аныктоого болорун укук коргоочуларга айткам. Арыз катталды, ошондон кийин милиция кызматкерлери менен сүйлөшүүбүз бүттү. Бир да жолу телефон чалышкан жок.
Бир айдан кийин ден соолугум жакшырып бараткансыган. Бишкектин милиция кызматкерлери эч кимди тапкан деле жок, билбейм, деги издешти бекен…
Бул окуя ден соолукту аксатты. Башым чыдатпай ооручу болду. Ичинде мээм кайнап жаткандай туюлчу, ушундай бир ооруса жаның төрт чарчы болот. Дарыгерлер жазган дары-дармектин баарын ичтим, алардын деле күчү жетпей калды. Доктурлар так диагноз кое алган жок. Ошол окуяга чейин да катуу кырсыкка эки ирет кабылып, анда да башымдан жаракат алгам.
Чакчалакейге түшөм, үрөй учурган коркунуч басат. Дагы качанкыга чейин ушундай абалда жүрмөк элем? Өзүмдү колго алышым зарыл эле, үй-бүлөм бар, неберелүү болдум. Бул саздан чыгууга тийишмин дедим. Бүгүн ооруканадагы бешинчи күнүм, чоң өзгөрүү болор-болбосун билбейм, бирок мындай азап менен жашай алмак эмесмин.
Ооруп турам, бирок, доктурлар себебин билбейт
Орто бойлуу, башына шапке кийген, боз шымчан дагы бир кара тору жигит далисте отурат. Республикалык психиатриялык оорулар борборуна (РПОБ) тагдыр аны энеси онкологиялык оорудан көз жумганынан кийин алып келген. Баянын өз оозунан угалы.
…Апам менин көз алдымда соолуп баратты. Жаман кеселден кийин бир жарым жыл өтпөй өтүп кетти, ооруга чыдабай ыйлаганы, азап чеккени көз алдымда. Көпкө чейин врачтар ага так диагноз кое алышкан жок, кийин кеч болуп калды. Оору басаңдатуучу дармектердин таасири деле көп тийбей калган. Мунун баарын көрүп, эч нерсе колумдан келбегени үчүн өзүмдү алсыз, бир байкуш сезчүмүн. Кийин дүйнөдөн өтүп кетти.
Башка клиниканын адистери алсыраткан абалым ичеги-карыным бир нече эсе чоңоюп кеткендигинен улам дешти. Операция жасашты, ичегилеримди туура өлчөмгө келтиришти. Бирок бул да жардам бербеди. Соолуп бараттым, оору мени каратып эле түгөтүп баратты. Себебин билбей туруп өлгөндөн корктум… Аягында доктурлар мени неврологго жиберишти, ал бир нече текшерүүдөн соң мени РПОБго жолдоду.
Жалпы жонунан ооруканада 50 күн болушум керек, 20 күн өттү. Дарыланууга экинчи жолу жаттым. Көйгөйдү өзүм жаратып, бул чуңкурга өзүмдү өзүм түрткөнүмдү, бардык ооруларым сөздүн түз да, кыйыр да маанисинде акылымда эле пайда болгонун түшүнүп турам…
Миллиондорду жоготтум, ата-энем буга аялымды айыпташты
Денемдин ар бир клеткасы ооруп жатат. Буга чейинки жашоомдон улам да. Качандыр бир кезде бир-эки жылда эле бутума турдум: чоң акча айланттым, үйлүү болдум, ата-энемдин үйүн кайра куруп бердим, машина сатып алдым. Миллиондогон долларды жүгүртөр элем.
Баары көз ачып-жумганча урады, үй-бүлөмдө көйгөй башталды. Ата-энем менин ишимдин жүрүшпөй калганына жубайымды күнөөлөштү. Үйдө жаңжал көбөйдү. Жанымды коюшпады. Мусулманчылыкты бекем туткандыгым үчүн аларга каршы ооз ачпадым, чыдадым, баарын көтөрдүм. Азыр РПСБдо жатам. Алар мени кандай абалга жеткиришкенин азыр гана түшүнүштү.
Ишим жүрүшпөй, сызга олтуруп калганымда акчаны гана жоготконум жок, досторум, тааныштарым жүз буруп кетишти. Кийин Москвага көчүп кеттик, мамлекеттик кызматка орноштум. Кыска убакыт ичинде жетекчинин орун басарлыгына дейре көтөрүлө алдым.
Азыркы абалга стресстен улам туш болгонумду так билем. Азыр го стационардамын, эгер дагы врачтардын каалгасын каккылап жүрө берсем, дарт ашкерелеп, РПСБнын жабык тибиндеги бөлүмүнө жаткырылмак окшойм.